НАНДЫ САКТООНУН ЖОЛДОРУ

• Нан көпкө чейин катыбай жумшак турсун десеңиз, нан салгычтын ичине бир кесим алма салып коюңуз.
• Эгер нан салгычтын (же нан салынган баштыктын) ичи тердеп кетсе беш-алты даана кант салып коюу керек.
• 2-3 күн турган нанды кургатып (сухарь) койгон туура. Ал үчүн нанды кесимдерге бөлүп, майланбаган табакка салып электр мешинде 10-15 мүнөт кармоо абзел.
• Кара нан менен ак нанды чогуу сактоого болбойт. Себеби ак нан кара нандын даамын жана жытын өзүнө сиңирип алып, өзүнүн даамын жоготуп коёт.
• Жумшак нанды целлофан, ал эми сырткы кыртышы калың нанды кагаз баштыкта сакташ керек. Ошондо нан табигый даамын жоготпойт.
• Нанды муздаткычта эмес, бөлмөнүн көлөкө жеринде сактаган оң.
• Эч качан нанды ысык кезинде баштыкка же нан салгычка салбаңыз. Анткени нык болуп калат.
• Кургап калган нанды жибитем десеңиз, аны касканга салып ысык бууда 2-3 мүнөт кармасаңыз болот.

 

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Shekerbek
2013-08-19 13:45:16
"Кургап калган нанды жибитем десеңиз, аны касканга салып ысык бууда 2-3 мүнөт кармасаңыз болот" студенттин мантысы !
+2
Delicacy
2013-08-20 08:31:00
Shekerbek, ха ха шилекейди агыздынго.
+1
jipara86
2013-08-19 13:58:52
Ммм жакшы кенеш экен
+1
jipara86
2013-08-19 13:59:55
Ммм жакшы кенеш экен
+1
Aizhanka91
2013-08-19 19:57:07
Жакшы кенеш экен,рахмат!
+1
temirlan85
2013-08-20 00:07:52
нанды ысырап кылбоонун ен жакшы жолдору екен.
+1
AZIK01
2013-08-20 14:16:53
Дагы кошумча наныныз катып калган б.со, коктоп баштаса , коктогон жерин алып салып, эки жумуртка чагыныз.Анан аралаштырып кусок кылып кесилген нанды жумуртканын аралашмасына малып , дакталган майга салсаныз сонун болуп калат.
+2
saya4ka
2013-08-20 15:52:53
AZIK01, Ооба, гренки деп аталат, абдан жакшы жумшартат. Бирок когоруп баштаган нандан жасабай эле койгон он. Уулу заттарды жеп алуу коркунучу ЗОР! Ал эми кургап калган нандан эн сонун болот!
0
LED
2013-08-20 20:10:11
студенттер учун жакшы болду
0
Clara_Zh
2013-08-21 10:56:41
Баарынардын кенешинер жакшы экен, супердики да, элдики да.
0
T.Shaiyrbek
2013-08-22 12:29:53
Чоон рахмат
0
TAZA
2013-08-22 20:29:24
Нанды тондургучта сактасаныз 2айгаче даамында сапаатында жоготпой сакталат.каткан нанды касканда жумшартсаныз 5.10муноттон кийин мурункуданда катуу болуп калат.
0
Boru87
2013-08-23 01:19:40
эх! нан болсо азыр ээ деген студенттер жакшылап үйрөнүп алгыла!!!
жакшы кеңеш экен силер үчүн!
0
Alinka.95
2013-08-23 09:30:25
keneshinizderde choon chon rahmat
0
Nurzada88
2013-08-23 19:11:43
Нан болсо ыр да болот-дейт эмеспи ар дайым ак дасторконунар нанга толуп турсун! Кенешинерге чоон рахмат.
0
pilenga
2013-08-25 05:39:59
Нан жок нан жок нанын болсо май жок
0
akkuu2013
2013-08-25 19:25:03
нанын каттып калса нан палоо кылып жеп койгула
+1
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан