Баткен жергесине мындан 14 жыл мурда эл аралык террорчулар кол салып, алыскы тоолуу аймактын Зардалы айылындагы эли куралчан топтун курчоосунда калган болчу.
Бүгүнкү күндө бул айылга баруучу унаа каттамы жокко эсе. Ошондуктан айыл эли райондун борборуна келүү үчүн тоо кыркасынан өткөн 20 чакырымга жакын жерди жөө басып өтүшөт. Айылда электр энергиясы жана телефон байланышы жок болгондуктан, жакында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл тургундарына спутник байланышы менен иштеген уюлдук телефонду белек кылышты. Айылдык депутат Акылбек Дилшатовдун айтымында, эми Зардалынын эли айылдан дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен байланыша алышат.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg