Буга чейин Баткендин Бөжөй айылынын жашоочулары облустун башка аймактары, район борбору менен байланышуу үчүн Өзбекстандын Сох анклавына көз каранды болуп келген. Аларды сырт менен аталган анклавды кесип өтчү жалгыз унаа жолу байланыштырып турат. Сохтуктар өздөрүнүн аймагынан өтүүдө баткендиктерге ар кандай кыйынчылыктарды жаратышат, малдарын тартып алышып, айрым бөжөйлүктөргө кол көтөргөн учурлары да катталган. Учурда аталган анклавды айланып өтө турган унаа жолу курулууда. Анын узундугу 11 чакырым болуп, Сох анклавын айланып өтөт. Жолдун 90 пайызы бүткөн. Калган бөлүгүнүн курулушу жакын арада толугу менен бүтүп, ишке берилет. Муну менен бөжөйлүктөрдүн башкы көйгөйлөрүнүн бири чечилет деп турабыз.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg