СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТАРДА АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

11-август күнү Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй айылында жайгашкан Кара-Күнгөй коктусуна жаан-чачындын кесепетинен пайда болгон сел-кыян суулары толуп кеткен. Натыйжада ташып аккан суу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа каттамынын Cемиз-Бел айыл өкмөтүндөгү көпүрөнү жана «Электр тармактары» ишканасына тиешелүү подстанцияны алып кетүү коркунучун пайда кылган. Кытайдын жол куруучу «Чайна Роуд Бридж» компаниясынын унаалары тартылып, көпүрөнүн түптөрү темир-бетон шакекчелер, бетон тосмолор жана таш аралаш шагыл кум менен тосулуп, бекемделди.
Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Көл-Үкөк суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу, Жаңы-Жол айылдарында сел жүрүү коркунучу туулган. Жергиликтүү калктан да жумушчу күчү тартылып, алардын саны болжол менен 200-250гө жетти. Алар каптарга кум, таш-топурак салып, курулуш унааларына иштөөгө жеңилдик түзүп беришти.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан