ЖАЙКЫ ДААМДЫ БАНКАДА САКТАП КАЛ

Учурда ар бир кожойке банкаларын түгөлдөп, «кышкыга эмне жапсам...» деп ойлонуп турган маал. Анткени кышында азыркыдай болуп жашылча-жемиш жайнап турбасы белгилүү.

КАЛЕМПИРГЕ КАТЫЛГАН БАКЛАЖАН

Керектелүүчү азыктар (1 литрлик 5 банкага ылайыкталган):
Баклажан – 1,5 килограмм
Болгар калемпири – 2 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Кумшекер – 150 грамм
Уксус (70 %) – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Калемпирди уругунан тазалап, кайнак сууга 15-20 мүнөт чылап коёсуз.
2. Эми помидорду туурап, ага кумшекер, май, уксус жана туз кошуп кайнатып, 10 мүнөт жай отко коюңуз.
3. Ал убакта баклажандарды узун тилке кылып туурап, май куюлган көмөч казанда кууруп алыңыз.
4. Майда тууралган же жанчыгычтан өткөзүлгөн сарымсакты баклажанга сүртүп, ороп алуу керек.
5. Жибиген калемпирлерди суудан алып, ичине (көлөмүнө жараша 1-3 оромо) оролгон баклажан салып чыгыңыз.
6. Калемпирлерди алдын ала бууда кармалган банкаларга тизип, үстүнө ысык бойдон помидордон даярдалган маринадды куюңуз.
7. Банкаларды кайнак сууга салып, 30-40 мүнөт кайнаткан соң темир капкак менен бекитип, салкын жерге чыгарып коюу керек.

ФАРШТАЛГАН КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар (1литрлик 2 банкага ылайыкталган):
Капуста – 1 чоң даана
Сабиз – 1 килограмм
Суу – 1 литр
Уксус (70%) – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 стакан
Туз – 1 аш кашык
Сарымсак – 1 баш
Калемпир, мурч – 1 чай кашыктан

Даярдоо ыкмасы:
1. Капустанын сөңгөгүн кесип, кайнак сууга салып жибитип алабыз.
2. Сабизди туурагычтан өткөзүп, ага сарымсак, калемпир, мурч кошуп аралаштыруу керек.
3. Эми капустаны ажыратып, ичине сабиз салыңыз.
4. Фаршталган жалбырактар кымтып оролот.
5. Алдын ала бууда кармалган банкаларга тикесинен тизиңиз.
6. Эми сууну кастрюлга куюп, ага кумшекер, туз, уксус кошуп, отто 5-10 мүнөт кайнатуу абзел.
7. Маринадды ысык бойдон фаршталган капусталардын үстүнө куюп, капкагын бекитиңиз.

КОНСЕРВАЛАНГАН КООН

Керектелүүчү азыктар (1 литрлик 2 банкага ылайыкталган):
Коон – орточо 1 даана
Кумшекер – 4 аш кашык
Имбирь – 2 тилим
Лимон кычкылы – 1-2 тамчы

Даярдоо ыкмасы:
1. Коонду уругунан тазалап жана кабыгынан ажыратып, чарчы кылып туурап, 1 литрлик 2 банкага бөлүп салыңыз.
2. Ар бир банкага 2 аш кашык кумшекер, 1 тилим имбирь салып лимон кычкылын тамызуу керек.
3. Үстүнө толтура кайнак суу куюңуз.
4. Эми банкаларды кайнак сууга салып, 5-7 мүнөт кайнатып туруп, оозун беките берсеңиз болот.

КӨП КАБАТТУУ ЖАШЫЛЧА САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (1 литрлик 5 банкага ылайыкталган):
Капуста – 1 даана
Болгар калемпири – 1 килограмм
Бадыраң – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Пияз – 500 грамм
Суу – 2 литр
Туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 6 аш кашык
Уксус (70%) – 2 чай кашык
Лавр жалбырагы – 4-5 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Уругунан тазаланган калемпир, кабыгы аарчылган бадыраң, капуста, помидор жана пияз таза жуулуп, сүрөттөгүдөй тууралат.
2. Алдын ала бууда кармалган банкага жашылчаларды биринин артынан экинчисин кабаттап жайгаштырабыз.
3. Эми маринад даярдоо үчүн кастрюлга сууну куюп, ага кумшекер, туз, уксус жана лавр жалбырагын салып 5-10 мүнөт кайнатуу керек.
4. Ысык маринадды банкадагы жашылчаларга куюп, банкаларды 10-15 мүнөт кайнатыңыз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Aisuluu7
2013-08-26 09:32:50
Фаршталган капуста жакты. Быйыл жасайм.Рахмат сиздерге!
+1
Wolf_ero
2013-08-26 09:42:18
тим эле апетитти ачасынар да
0
Jesu2010
2013-08-30 01:48:57
Wolf_ero, Ошону айтсан))), менин да аппетитим укмуштай ачылып кетти)))
0
miniusha
2013-08-26 10:20:33
коон эзилип кетпейби ,суудагы коондун даамы кандай болот болду экен...
0
Asyl.jazi
2013-08-26 15:46:30
Жакшы кенеш экен. Кышында жеген сонун да.
0
aruuzat88
2013-08-26 16:32:08
Коондон сонун болот мен даярдап коргом.
0
jipara86
2013-08-26 20:10:22
Ogo kandai sonun retsepter.
0
asil-08
2013-08-26 22:16:45
супер инфо ушул теманы кантип кочуруп алса болот
0
admin_media
2013-08-27 10:06:03
asil-08,
Саламатсызбы! Word'ко көчүрүп алып, сүрөттөрүн да ирээти менен жайгаштырып алсаңыз болот)
0
Aidana91
2013-08-27 20:58:34
Туз менен кумшекердин даамы аралашса кандай болот? Кошдаам болуп.
0
jazik.87
2013-08-28 13:39:56
Aidana91.саламатсызбы кошдаам болбойт,мен дайыма аралаштырып жабам
0
saya4ka
2013-08-28 18:52:54
мага калепирге салынган баклажан кызык болу турат. Жасап коруш керек экен.
0
look
2013-08-29 10:17:44
Baklajan salattagy 100gr.osumduk maiga pomidordu salyp kainatabyzby je baklajan kuurugangaby aityp koyunuzdarchy
0
mig
2013-08-29 11:37:33
look, mayga baklajan kuurulat.
0
Asus84
2013-08-29 12:07:44
мм жакшы

0
bemaKG90
2013-08-30 02:58:44
kyzyk kalempirge katylganboklajanga kancha tuz koshulat boldu eken aityp koigulachy
0
gulzinarzu-09
2013-08-31 20:46:03
эн сонун кенештер,рахмат сиздерге супер инфо
0
Survey
2014-09-19 16:09:49
чоон рахмат супер инфо!суперсинер!аябай чон пайдасы тийди.турлоп салат,варенье жеп жыргайт экенбиз кышта.
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан