Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«АЛЫКУЛДУН СҮЙҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОНУНА ТАЯТАМ ӨКҮНГӨН»

№564 23-август-29-август, 2013-ж


Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн.
Минтип өз тагдырын, келечегин билген, караңгыда жазылса да жарык берип келген ырлары менен эсте калган Алыкул акынды ким билбейт. Бул жолу анын сүйүүсүнүн тирүү күбөсүн жана кара кулпу кайтарып калган үйү кантип музейге айланганы тууралуу кеп козгойлу дедик.

«АЛЫКУЛ КЫЗЫНЫН АТЫН АЙДАЙ КОЁМ ДЕГЕН ЭКЕН»
Алыкул Осмоновдун өмүрүндө өчпөс тамга менен жазылып калган сүйүктүүсү Айдайдын жээни ЗАМИР САТАЕВДИ таптык. Аны менен кокусунан Ысык-Көлдөгү акын жашаган үйдөн кезигип калдык. Ал акынга куран окутуу максатында келгенин айтып, акын менен Айдай Жигиталиеванын сүйүүсү тууралуу апасынан уккандарын айтып берди.
– Менин апам Жыпар, Алыкул Осмоновдун сүйүүсү Айдайдын бир тууган сиңдиси. Алыкул акын менен таежем Айдай кыз-жигит болуп жүргөндө апам 12-13 жашар секелек кыз экен. Апам аларды кеп кылгандарын айтып берейин. Таежем Айдайдын чачы узун, өң-келбети келишкен кыз болгон дешет. Экөө эки-үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүшүптүр. Таежебиз Фрунзедеги кыз-келиндер институтунда окуган. Окуу жайдын жанында эки чоң кара бактын ортосунда жыгачтан жасалган отургуч бар экен. Айдай ошол отургучка отуруп, Алыкул үстүндөгү костюмун желбегей жамынып отургучтун жанында турчу экен. Алыкул менен жолугууга таежем дайыма апамды кошо ээрчитип алчу тура. Себеби үйдөн сиңдисин алып кетсе эч нерседен шек санашпаса керек. Алыкул экөө бир топко чейин сүйлөшүп, апам болсо ойноп кетет да. Ал кезде Алыкул Осмоновду акын болот деп ким ойлоптур? Бирок апам Алыкул тынбай ыр окуп жатып үйгө узатып келгенин айтчу. Апам менен таежемди окуу жайдан үйүнө узатып келип, анан кайра алар Алыкулду узатып, үчөө эки жолдун ортосунда эле жүрүшчү экен. Апам айтып калар эле, «Алыкул менен Айдайдын сүйүүсүнө мен гана күбөмүн» деп. Кийин таятам Айдай менен Алыкулдун мамилесине караманча-каршы чыгып, «Алыкул жетим, ал аз келгенсип оорукчан» деп Айдайды 19 жашында башка адамга турмушка бериптир. Таятам өтө катуу адам болгон дешет.
Кийин Алыкул Зейнептен кыздуу болгондо кызынын атын Айдай коёбуз деп чыккан экен. Зейнеп ал ысымга көнбөй коюптур. Аялдар жаалы келсе укмуш го. Акын айласы кетип «кызыма сүйүктүүмдүн атын коё албасам, сүйүүбүздүн күбөсү, Айдайдын сиңдиси Жыпардын атын ыйгарам» деп кызынын атын Жыпар деп койгон дешет. Бирок, тилекке каршы, кызы дагы каза болуп калат. Кийин таятамдар «Алыкул менен Айдайга бекер каршы болгон экенбиз. Балким, алар тирүү болмок, жок дегенде кыска өмүрүн бирге жашашат беле» деп абдан өкүнүшкөн. Айдай менен Алыкулдун түшкөн сүрөттөрү үйдө көп болчу. Кийин музейлерге сурап алып кетишти.

«ҮЙДҮ ОҢДОП ЖАТКАНЫМА КҮЛКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР БОЛДУ»
Эми Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жашаган үйгө кеп нугун бурсак. Учурда ал «Алыкулдун үй-музейи» деп аталат. Үй көл жээгинен 100 метрдей алыста жайгашкан. Музейге баш бакканда эле Алыкулдун духун берип тургандай сезим калтырды. Анткени ошол калыбында калтырганга аракет кылышкан экен. Текчеде бир катар китептери, акын жаткан керебет, шам чырак, идиш-аяктар жана колдонгон медициналык аппараттар сакталуу. Музейдин жетекчиси БАКТЫБЕК АСАНБАЕВ:
– Мен Ысык-Көл жергесинен болом. Алыкул Осмоновдун фанатымын. Бир күнү акындын китебин окуп отуруп, «Эмне арман, көл жээгинде атым турса кара таштан» деген сабын окуп ичим тыз дей түштү. Көл жээгинде акын жашаган үйү бар деп укчумун. Дароо ошол үйдүн учурдагы абалы кандай болду экен деп ойлодум. 2005-жылы Чолпон-Ата шаарына көчүп келип, акын жашаган үй менен тааныштым. Ал бир учурда китепкана болуптур, андан кийин ижарага алып үй кылып жашашыптыр. Кийин үйдү кара кулпу кайтарып калган экен. Терезелеринин баары сынып, жылыткычтарын, мештин оозун, анча-мынча калган буюмдарды чыгарып кетишиптир. Жергиликтүү жетекчилерге барып, үйдүн документтерин тактап, толуктап, «Алыкулдун үй-музейи» кылып түптөгөнгө аракет кылдык. Бул жердеги сүрөттөрдү Бишкектеги «Алыкул үй борборунан», экспонаттардын көбүн туулган жеринен алып келдик. Үйдү оңдоп баштаганда «буга эмнеге убара болосуң, эмгегиң текке кетет» деген «акылдуулар» да чыккан. Музей ачылгандан бери жыл сайын кандайдыр бир иш-чара өткөрүүгө аракет кылабыз. Былтыр өзүнүн, сүйгөн жарынын, чыгармаларынын каармандарынын скульптураларын жасадык.
Бул үйгө келгенде негедир өзүмдү жеңил сезем. Үйдү тазалап, бак-дарактарды сугаруу – хоббим. Жашоодо ар кандай маселелер болгондо ушул үйгө келип жеңилдеп алам. Кыргызда «арбак билет» деп коюшат эмеспи. Кароосуз калган үйдү иретке келтирип, аз да болсо акындын аркасында эмгектерин жыйнаганым үчүн акындын арбагы ыраазы болсо керек деп ойлойм. Мындан улам Алыкул акын менин түшүмө качан кирет болду экен деп күтө берем. Музейге келгендердин көбү бул үйдөн эргүү ойгонуп, ырга болгон шык пайда болот деп калышат. Кээде өзүм дагы сөздөрдү уйкаштырып сүйлөп калсам, үй-бүлөм «сенде бир нерсе пайда боло баштаган го» деп күлүп калышат.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(19)
26.08.2013. 10:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
01-05-2014 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
no comment...
-1
эх кандай акын эле, ырларычы соз жок...
26.08.2013. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-08-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 11:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Виртуальный мир
0
Мен да бул акындын фанатымын.
26.08.2013. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
10-11-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Асанбаев Бакытбек ага сизге рахмат! Алыкул Осмоновдун чыгармалары ар бир кыргыздын журогундо сакталса керек!
26.08.2013. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
10-11-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Асанбаев Бактыбек ага сизге рахмат! Алыкул Осмоновдун чыгармалары ар бир кыргыздын журогундо сакталса керек!
26.08.2013. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 03:33
Жынысы:
Белгисиз
0
jurogym ezilip ketti:(((((
26.08.2013. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
-1
Алыкул кайра жаралгандай болуптур,мен да кубанычтымын.
26.08.2013. 21:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
02-07-2015 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Асанбаев Бактыбек азамат
26.08.2013. 23:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
11-11-2018 22:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Акындын акыны,акындардын алпы Алыкул мындай акын эми жаралбаса керек,аттин.
26.08.2013. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
22-10-2018 00:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыссык кол кээде тынчда кээде толкун, Толкуса толкунуна тен ортокмун, Жашоодо канча жолдош кутсом дагы, Бир сырдуу сендей жолдош куткон жокмун.
27.08.2013. 02:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
24-07-2013
Соӊку аракети:
20-06-2018 04:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Польша
0
Оорулуу акын,ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат,
Акын,акын,акын баркын,
Олум билбей кол сунат...
27.08.2013. 16:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
23-01-2015 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Бар бололу, тугонбойлу курдаштар,
Узак,узак,узак болсун бул сапар.
Кылым бутуп, дуйнодон жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
.
Менин кунум олбосуно тунулбойт,
Толкун урса тайызына сурулбойт.
Тируулукто жоктугуна жол бербей
Жер тубундо чирисе да бир гулдойт :cray:


.



Мен турмушта саран,ач коз эмесмин,
Октоо кылып"Ай,аз бердин!"-дебесмин.
Байлык,уй-жай,ден-соолуктан ардактуу,
27.08.2013. 16:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
23-01-2015 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0

Мага берсе, эки сабак ыр берсин...
.

Акындардын алпы- Алыкулга эч ким тен келе албайт.Мен учун Алыкул гана чыныгы талант! "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын которбой эле озу жазгандай туюлат мага! Кыргыз эли эч качан Алыкулду унутпайт!!!
28.08.2013. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
14-06-2018 17:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыкулду суйбогон, Алыкулду тааныбаган,Алыкулдун ырларын рахаттанып окубаган кыргыз жок чыгар. Алыкулда акындык таланттын коонорбос уюткусу орун алган. Анын ырлары туболук эл оозунда жатка айтылаарына шегим жок.
29.08.2013. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шибер
0
Эй,Россия,Россия-бир боор энем,
Мен ондуу тоо кушуна койнун кенен.
Бул созду туура айтуудан таймана албайм,
Биз элбиз,биз кишибиз сени менен!
29.08.2013. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шибер
-1
Бул улуу акындын "чыгармалар жыйнагын" кошунабыздын чан басып,жыртылып жаткан китептеринин арасынан таап алып,скотчтоп,жамап алып суйунуп окуп журсом бир эжекем сураганынан жаман коруп,ичим ачышып атып аран бергем.Бербейин десем аябай сурдуу эжекеден баарыбыз коркчубуз...
30.08.2013. 10:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
18-11-2012
Соӊку аракети:
06-03-2014 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу акын Алыкул агабыздын ырын жаттаганда негедир женил жана бат жаттар элем.
Ырларынын маниси абдан терен ошол эле учурда создору оной бирок копту тушундуруп турат.
Бактыбек Мырза азаматсыз.
01.09.2013. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо чон рахмат биздин суранычыбызды аткардыныз
01.09.2013. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
29-08-2013
Соӊку аракети:
19-02-2017 20:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
якутск
0
Бишкек шаарындагы музейи кайсыл жерде жайгашкан билгендер айтып койгулачы сураныч?
14.02.2015. 13:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
26-02-2015 09:39
Жынысы:
Белгисиз
0
саламтсыздарбы, Акындын Чолпон -Атадагы, Бишкектеги уй музейлеринин даректерин жаза аласыздырбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: