«Уулум Жылдызбектин аман калганына шүгүр. Бирок сөзсүз өлүп же майып болуп калганда гана жаза колдонбой, ушундай нерсенин алдын алыш керек»,- деп тызылдады эне. Кара-Кулжа районунун Түшүнүк айылынын тургуну Үмүт Мурзабекова уулу айылдашынын колунан токмок жеп ооруканада дарыланып жатканы тууралуу айтып берди. Жабырлануучу Жылдызбек Коңурбай уулу да окуяны мындайча баяндады.
«СЕН КЫЙЫН БОЛУП КАЛДЫҢБЫ?»
– Мен чөп чаап айылда элем, келинчегим, балдарым жайлоодо болчу. 25-июль күнү кечинде чөптөн келип уктап калыпмын. Мен жаткан бөлмөгө айылдашыбыз Медет Аданбаев аттуу жигит кирип келип «Канат агам чакырып жатат сизди» деп ойготту. Чыгып барсам айылдашым, бирге иштеген кесиптешим Канат Жусупов рулда отуруптур. «Жыке, кел отур» деп калды. «Тынччылыкпы?» десем, «тынччылык» дейт. Жаман оюм жок машинага отурдум. Жакшы эле сүйлөп бараткан, биздин айылдан үч айыл бери жактагы Насирдин айылындагы «Чаканек» ат майданына келип калганда мага асыла баштады.
3 ай мурун атамдын иниси Канаттын агасынын машинасында баратып жол кырсыгына учурап каза болгон эле. Аны да киши колдуу болду деп шектенгенбиз, анткени себеп бар эле. Агамдын сөөгү чыга электе, биз ызы-чуу түшүп жүрсөк «элчилик кылып койгула» деп кайра-кайра элди чогултуп тынчыбызды ала бергенде аксакалдардын бирине «сөөк чыксын, тополоң кылбай тургула, кийин сүйлөшөбүз» деп койгом. Ал сөзүм Канатка жакпаган экен, ошол кептерди козгоп «Сен менин абаларымды токтоткудай кыйын болуп калгансыңбы?» деп асыла баштаганда анын бир аз кызуу экенин билдим.
«Буту-колуңду байлап, өлтүрүп ушул жардан ары ыргытып жиберем» деген сөздөрдү айта баштады. «Эмне өчүң бар, мен сага эмне кылдым?» десем мурдума муштап жиберди. Анан муунта баштады. Эшикти ачайын десем кармагычтарын алып салыптыр. Бир убакта эшик кандай ачылды билбейм, мен жыгылып, менин үстүмдөн Канат да кулап түштү. Ары жактан Медет чуркап келди эле, «жипти алып кел» деп буюрду. Экөөбүз кармашып турганбыз, бошонуштун айласын кылып көйнөгүмдү чечип качып жөнөдүм. Канат машина менен кууп келе жатат, мен жолдон сыртка чыгып камыш аралап качып баратып сазга батып, бут кийимим анда калды.
«КАРАКУШУМА ТАШ ТИЙИП, ЭСИМДИ ЖОГОТУПМУН»
– Сормо саз болгондуктан, бир аз баскандан кийин тиземе чейин сазга кирип кеттим. Мени бир метрдей аралыктан чыныдай болгон таштар менен ургулай башташты. Бирөөсү белиме, дагы бири желкеме, каракуш тарапка тийди, эсимди жогото баштадым. Бир убакта өзүмө келсем чылада жатам, аябай муздап калыпмын. Бөлөм агаларымдын үйүнө жеткирип, алар ооруканага алып келишти.
Канат экөөбүз бирге иштейбиз. Мен мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы элем. Кызматка байланыштуу, булардан башка майда-барат иштер менен көп кыжылдаша кетчүбүз. Ошолордун баарын ушул жол менен бүтүрөм деген окшойт, «сени эл алдында баскыс кылам, ушул жерден өлтүрүп кетем» дей берди. Алардын кылыгына, мамилесине, жиптерди даярдап алгандарына караганда алдын ала сүйлөшүлгөн окшойт.
Жылдызбек Коңурбай уулунун апасы ҮМҮТ МУРЗАБЕКОВА да сөзгө кошулду. – Баламды ооруканага көрсөтүп, аны менен убара болуп жүрсөк Канат баламдын медэкспертизасын «Жылдызбектин тууганы болом» деп жеңилдетип жаздырып алыптыр. Баарын жасалма документ менен бүтүрүп жатат. Биз арыз жазган күнү аны Кара-Кулжа райондук ИИБине алып келишти да, эртеси чыгарып жиберишиптир.
Бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан Кара-Кулжа райондук ИИБинин тергөөчүсү БоЛОТ ДООРОНОВ мындай дейт:
– Тергөө убактысы эки ай, эки айдан кийин ишти сотко өткөрүп беребиз. Кылмышка шектүү Канат Жусуповду кармап сурак кылганбыз, эми Жылдызбек дарыланып өзүнө келип алса, экөөнү беттештирүүгө туура келип жатат.
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эгерде кылмыш оор болбосо, шектүүнүн өздүгү аныкталса, туруктуу жашаган үйү, иштеген иши болсо, тергөө учурунда эч кандай катачылык кетирбесе, анда анын тергөө бүтүп, сотко өткөрүлүп берилгенче сыртта болгонго укугу бар.
Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн КАНАТ ЖУСУПОВ менен телефон аркылуу байланыштык.
– Мен жөнүндө айтып жаткан кептердин көбү негизсиз. Биз урушканга чейин эле мени жумуштан кетиребиз деп кызматыма асылып жүрүшкөн. Жылдызбек экөөбүз бир жерде иштеп, бирге жүрүп, бир нанды бөлүп жеген адамдарбыз, анын бул жолго барарын билбептирмин. Ал окуяда саат 12лер чамасында башка айылга бензинге бара жатканбыз. Жылдызбекти кошуп алган элек. Жолдо баратып уруша кеттик, ал биринчи мени жакалап, жаакка чаап жибергенде гана мен ага кол көтөрдүм. Болгону бир-эки уруп, бир-эки тепкем. Камыштан 200 метрдей алыста болчубуз, өзү качып барып камыштын ары жагына өтүп кетиптир. Жазган арызында менин адамдык аброюма, кызматыма шек келтирип, негизсиз нерселерди жазып, «билими жок» дегенге чейин барыптыр. Менин укугумду коргой тургандар бар.
Ал эми Канат Жусуповдун жактоочусу ЭРКИНБЕК ЖАКЕЕВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Канат айылына бир топ жакшы иштерди жасаган. Спорт аянтчаларын куруп, «Адашбек» деген волейбол командасын түзүп, аларды өзү каржылайт. Жабырлануучунун «өлтүрөм деди» деген арыздануулары негизсиз. Бул жерде эч кандай киши өлтүрүүгө аракет кылуу эмес, бейбаштык болгон. Аны эч ким зордоп унаага отургузган эмес. Анан да «жипти алып кел деди» деп жатат, бирок ал жерден эч кандай жип табылган эмес. Бул иш боюнча түзүлгөн протокол менен арыздар такыр эки башка.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg