ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Атам экөөбүз Ошто жүрөбүз. Бизге берилген даректи араң таптык. Кичинекей көк дарбазанын жанына келгенде баатырдыгым жоголуп кетти. Дарбазанын аркасында коркунучтуу нерсе жаткандай денем калтырап, кетенчиктей бердим. Атамды карасам мени тиктеп турган экен, дароо чыйрала түштүм. Демимди ичиме алып бир аз турдум да, дарбазаны каккыладым.
– Ким бул?- ичкериден аялдын үнү угулду.
– Биз,- деди атам бек унчугуп.
Башына жоолук салынган орто жаштагы аял алдыбыздан чыкты. Муздак каректери менен бизди бир карап алып, аңкайып туруп калды.
– Ким керек эле?- деди ал орой.
Кызык, менин апам ушулбу? Дегдеп, көз алдыма келтирип, кучагына жыгыла турган болуп келген демим көз көрүнөө өчтү. Мени, мээримге зар болгон бейтаалайды кучактап,
чачымдан сылай турган ушул аялбы? Ичим ачышты.
– Биз Гүлай деген аялды издеп келдик эле. Ушул үйдө жашайбы?- деди атам.
– Кайдан издеп келдиңер эле?- шектене суроо узаткан аял бизди баш-аягыбызга чейин сыдыра тиктеди.
– Биз...
Апкаарып турган мен кеп баштагыча ар жактан кичине күчүк чаңкылдап үрүп калды эле, аны буту менен бир тээп жиберди.
– Үнүң өчкүр, ары турчу, сен эле жетпей жатсаң да...- деди ал өзүнчө күбүрөнүп.
– Айтыңызчы, Гүлай ушул жерде жашайбы?
– Кандай немесиңер, келген жайыңарды айтпай эле демите берген?! Гүлай жок, мен анын кайын сиңдиси болом.
Өх, демек, бул менин апам эмес экен. Дароо жеңилдене калып быдылдай баштадым.
– Эже, бизге ал өтө керек эле. Бишкектен келдик.
– Гүлай жеңем каза болгонуна бир ай болду! Эмнеге издеп жүргөнүңөрдү билбейм. Бирок үй боюнча маселе болсо, башымды оорутпай азыр жөнөй бергиле...
– Кантип?
– Кандайча? Өлдү дедиңизби?
Атам экөөбүз жарыша кыйкырып жибердик. Аял бизди жактырбай тиктеп турду да, үйгө киргизди. Чакан тапчанда отурдук. Биз үйдү талашканы келбегенибизди билген соң тиги аял жандана түшүп,  божурай баштады.
– Гүлай жеңем бейиши болгур, кө-өп азап чекти. Агама тийгенде эле ден соолугу начар болчу. Улам боюнда болуп, бирок балдары токтобой жүрүп экөөнүн ортосунда көп чыр-чатак чыкчу. Анын үстүнө агабыз ичкенин токтотподу. Экөө ажырашып кеткенине көп болгон, агабыз бул үйдү бошотуп, өзү тентип кеткен. Бир кызы менен жалгыз оокат кылып жүрүп, анан аңдыган оору алып тынды. Жеңем байкуш өзүмдүн колуман кетти. «Нурайды жакшы кара» деп жатып үзүлдү. Анан эгерде аны издеп адамдар келип калса, бир кагаздарды берип кой деген эле. Ал аманатына тийген жокмун. Азыр алып чыгып берем.
Жеринен жолу жок жаралсам керек. Бир ай мурун укканымда эмне?! Калың кылып папкага салынып, анан чырмалып оролгон кагаздарды боорума кысып турдум. Мына, мен издеп
келген апам эмес, анын буюмдары колумда. Не деген адилетсиздик?!
Атам экөөбүз адатыбызча үн дешпедик. Мейманканага келип, эки тиземди кучактап, алып келген таңылчагымды тиктеп отура бердим. Ичинде эмне бар? Балким, ачпай эле койгонум оң болуп жүрбөсүн? Мунун баары түш болуп, мен Азиреттин кызы Айданек боюнча калсам кана?..
Бирок түшүм эмес экен, таңгакты кармалап турам. Демек, ачышым керек. Сүрөттөр, өтө көп сүрөттөр алдымда чачылып жатты. Мен издеген, мен тапкан өтмүшүм сүрөткө айланып алдымда жатты. Байкуш аял, өзүмдү көрбөсө да элестетип жүрсүн дегенби, жашоосундагы ар кайсы кырдаалдардагы сүрөттөрүн калтырыптыр. Ак жуумал, кырдач мурун, көздөрү кыйгачынан сынай тиктеген аял экен. Япон сулуусу алдымда тургандай! Бул сүрөт кийин менин тумарым болуп, турмуштан ташыркаганда бул катка эчен ирет кайрыларымды ошол кезде сезбесем керек. Бул саптарды азыр окусам да жүрөгүмдү тепчийт.
«Кызым, Айданегим, акылдуум! Мен билем, сен акылдуу кыз болуп чоңоёсуң. Балким, сен бул саптарды окубай каларсың. Бирок тагдырдан болуп бул сүрөттөр менен каттар колуңа тийсе, анда менин бул дүйнөдө арманым жок. Жаштыгымдан жаңылдым, катуу жаңылдым. Өзүң тууралуу билгиң келер. Мен 18 жашымда сени жарык дүйнөгө алып келип, төрөтканада таштап кеткен апаңмын. Сен экөөбүздөн баш тарткан атаң кыргыздын мен дегендеринин бири. Ооба, оюм жетсе да, колум жетпеген бир чоң адамга махабатым жанды. Ал менден алда канча улуу жана саясаттагы белдүү адамдардын бири болчу. Кандай кырдаалда таанышканыбызды атаңа жолуксаң айтып берер, анткени мен ал күндөрдү эстегенге кудуретим жетпейт. Мени канчалык сүйсө да, үй-бүлөсүнөн ажырашып мага үйлөнмөк эмес. Аны кийин түшүндүм. Ал менден да, сенден да баш тарткан күнү ызамдан улам сени таштап салдым. Төрөт үйүндө жатсам, гүл берип жибериптир. Анын ичине кат салып койгон экен. Тек гана кыздуу болушум менен куттуктап, мындан ары тынчын албашымды сураныптыр. Ага чейин «Экинчи аял кылып болсо да алам же кызың экөөңдү кор кылбай багам» деп жаткан адам бир күндө эмнеге антип тескери сүйлөп калганын билбей калдым. Кызым, билем, ичиңде миң түркүн сурооң бар. Бирок эртеңки турмушумдан, элдин шылдыңынан, ата-энемдин ар-намысынан корктум. Сени таштаганга мажбур болдум. «Эмизсең ажырай албай каласың» деген кепти угуп, сени бир да жолу колума алып эмизбедим. Коңшу палатада жаткан келин сенин тынбай ыйлап жаткан үнүңдү угуп, басып келип колуна алды.
– Меники жарык дүйнөнү көрбөй калды. Эмчегим толуп, сүтүм булактап жанымды кыйнап жатат. Мен эмизип берейинчи,- деди жаш келин жалынычтуу.
Ыйлаганча эмизип турсун деп макул болдум. Эртеси врач менен сүйлөшүп, сени багып аларын айттырыптыр. Кошумча акча да сунуштаган экен...
Кийин турмушка чыктым. Бирок Жараткан менин жазамды көбөйтүп, балдарым токтобой койду. Күйүтүнөн күйөөм ичип, жашоомду тозокко айлантты. Ошол күндөрү жанымды оозума тиштеп таяктан качып баратканда сенин эмчек сурап ыйлаган ыйың кулагымда турчу. Кандай гана өкүнбөдүм. Кандай гана көз жаш төкпөдүм.
Кийин ажырашып кеткенде боюмда калганын билдим. Кыз төрөдүм. Бирок аны да эрезеге жеткире албай ара жолго таштадым. Кызым, мени кечир, апаң катары кечире албасаң, оорукчан, көр оозундагы аял катары кечир. Сенден кийин кабар алып турчумун. Издеп да бардым. Жакшынакай бардар үй-бүлөдө жалгыз кыз болуп жашап жатканыңды угуп, жүрөгүм бөксөрүп калды. Капарсыз турмушуңдан ажыраткым келген жок. Бирок чоң энең качандыр бир кезде сен чындыкты билгенде мени менен катташтырарын айтып убада кылган. Мен ал адамды сыйлаганымдан кетип калдым. Бул тууралуу башка эч ким билген жок. Ал кайтыш болуп кеткенин жакында уктум, өзүм да көр оозунда жатам.
Атаңды билгиң келер. Ал учурда министр, уул-кыздуу, ал тургай неберелери бар. Аты-жөнүн кааласаң, менин катымды берген аялдан таап аласың.
Баса, Нурай аттуу сиңдиң бар. Мен аны сага тапшырдым. Колуңдан келсе каралаша жүр. Күнөөлөрүм үчүн сенден да, Жараткандан да кечирим сурайм. Сен менден күчтүү бол, жарыгым. Сен менден бактылуу бол! Чоң энеңдин айтымында, сен акылдуу кыз болуп чоңоюп жатыпсың. Аны угуп, атаңды тартканыңды түшүндүм. Сүрөтүңө карап менин көчүрмөм экениңди билдим. Ошого каниет... Кош. Апаң Гүлай!»
Көп жылдар өттү андан бери, бирок бечара Данек ошол күндөгүдөй жалгыз болгон эмес. Ошол күнү сүрөттөрдү тиктеп, өөп-жыттап жаттым. Жыты калса да мурдума сиңирип алайын дедим. Жаңы таптым да, ошол замат бул адамды жоготтум. Бөлмө мага ушунчалык тар болуп, мурункудан да жалгызсырадым. Башкаларды билбейм, мага оор учурда жан талаша жакын адамдарымды издей баштайм. Оюма апам менен Аскат келди. Апама айта албайм, Аскатка дароо чалдым.
– Алло!- деди ал ачуулуу.
– Мен Данек...
– Билдим, көзүм бар го. Данек, саатты карадыңбы? Түнкү саат 3 жарым.
– Кечирип кой, сенин үнүңдү угайын дедим.
– Уфф, Данек, бул эмне кылганың? Азыр эле көзүм илинген. Кана, эмне айтасың?..
– Мени менен сүйлөшүп турчу, уктай албай жатам.
– Уйкуң качса эле бирөөнүн уйкусун кошо бузасыңбы? Жинди кыз го бул. Деги атам экөөңдүн кандай табышмактуу жолугушууңар бар, эч түшүнгөн жокмун.
Аа, атам экөөбүз кеткенибизге ичи тардык кылып жаткан экен. Анын уйкусурап сүйлөп жатканын көз алдыма элестетип, кубанып алдым.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
SonoJigit
2013-08-26 14:08:29
китеп кылып эле чыгаргылачы аябай коп ойлончу болдум.
0
Armin
2013-08-26 15:32:10
Эгер кин0су тартылганда Айданектин ролун ийинине жеткирип аткарып бермекмин. . Эх((
0
aruuzat88
2013-08-26 16:25:34
Дагы эмне деген табышмактар кутуп турат экен Данекти.
0
angelo4ka_96
2013-08-26 17:14:37
Ух,бугум ичиме толуп кетти....Данектин ордуна өзүмдү коюп ыйлап ыйлап алдым...((((((
0
Azimjan_95
2013-08-26 21:53:51
Кандай гана керемет жазылган авторго данк.Буюрса кийинчээрек киносун тартам.
0
NurAngel
2013-08-26 22:28:53
Кандай гана журокту ооруткан чыгарма окуган сайын ыйлап алам кино кылып тартса ...
0
asil-08
2013-08-26 22:30:29
киносун тарт качественный кылып ошондо сонун чыгат
0
Erkekyz1990
2013-08-26 23:25:38
Жакшы чыгарма
0
Prosto-Anjelina
2013-08-27 02:52:04
оой еми емне болот
0
belka.kg
2013-08-27 16:50:25
күтүү күтүү жана күтүү!
0
Supsuluu
2013-08-30 20:13:03
Эми Нурай Аскатты суйуп албасалее? кызыктын баары али алдыда экен да.
0
Supsuluu
2013-08-30 20:15:25
Кино тартса кызыксыз болуп калат анткени китепте суроттогондой адамдын ичинде болуп жаткан сезимдерди экрандан бере албайт да.
0
periwtem
2013-08-31 16:39:49
Эмне болот экен эми Данек.
0
sportik
2013-09-02 00:36:46
эгер менин башыман откон нерсени жазсам асынып олуп аласынар го
0
mahabat.berdalieva
2013-09-06 14:24:56
Жок дегенде Данек бактылуу болсунчу
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан