МИРБЕК АТАБЕКОВ САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО

Мирбек Атабековдун кандай ырдаарын, кандай кийинерин сахнадан же теледен көрүп келесиз. Ал эми ырчынын мүнөзү, кыял жоругу, жан дүйнөсү туурасында маалыматыңыз аз. Албетте, ырчынын мындай сапаттарын сахнада чогуу жүргөн достору, жакын сахналаштары билишет.


Айчүрөк Иманалиева:

– Мирбектин апасы менен үйбүлөлүк катышыбыз бар. Аябай ынтымактуу, шайыр үйбүлө. Мирбек болсо куулук-шумдукту билбеген, бала кыял адам. Таланты күчтүү. Мени баарынан жаш экенине карабай ийгиликтерге умтулганы кубандырат. Мирбек экөөбүз “Ак куу белең, Айперим” деген ырды дуэт жаздырганда мени да, өзүн да кыйнабай бир дубль менен жаздырып койгонбуз. Бирок анын жумшак, бир аз жалтак мүнөзү анча жага бербейт.


Актан Исабаев:

– Мен азыркы Мирбек Атабековду эмес, кичинекей Мирбекти жакшы тааныйм. Ырчы катары элге тааныла электе эле студияма келип жүрчү. Азыр элге таанылгандан кийин эле өзгөрүлүп кетпесе, ал кезде ичи таза, тарбиясы жакшы бала болчу.


Айбек Карымов:

– Мирбек менен тең чыккан айрым ырчылар эки ыр ырдагандан кийин эле өздөрүн укмуш сезип, бой көтөрүп калышкан. Ким экенин айтпай эле коёюн. А Мирбек канча хит ыр жаратты, дагы деле жөнөкөй. Ал эми ички жан дүйнөсү тууралуу аны менен теңтуш болбогондон кийин айта албайт экем.


Бактыгүл Бадыева:

– Мирбек экөөбүз жакын катташкан дос­тордонбуз. Мирбек жөнүндө кыйнашса да, тапанча такашса да жаман нерсе айта албаймын. Анткени мен Мирбектин бир да кемчилигин көрө элекмин. Улууга да, кичүүгө да бирдей мамиле кылган, бир жерде тынч алып тура албаган эмгекчил досум менен сыймыктанам.


Канат Култаев:

– Ортодогу иштен улам талаш чыгып кетип, аныкы туура эмес болуп калса, дароо моюнуна алат. Ал эми уруша кетсек, эгер күнөө өзүндө болсо, бир же эки күндөн кийин “кечирип коюңузчу?!” деп телефон чалат. Эгер күнөө менден кетсе “кандайсыз?” деп кек сактабай сүйлөп калмай адаты бар. Сүйүүдө аябай туруктуу. Бирөөнү сүйүп калса, ошол адам үчүн баарына даяр. Анан көңүлү калса, эч нерсеге көңүлү келбей, катуу кыйналат. Акчага абдан так. Канча иштеп тапты, кайсы жакка канча акча короттук, баарын эсептеп турат.


Омар:

– Мен Мирбектин жакын досу болом. Бардык эле ырчыларды жакындан билем, ошолордун ичинен Мирбек өзгөчөлөнүп турат. Мүнөзү жөнөкөй, кең пейил, бирөөгө жамандык санабаган адам. Тапкан акчасын да сарамжалдуу пайдаланат. Жакында эле карындашын күйөөгө узатты. Тойго кеткен чыгымды бүт өзү көтөрдү.


Нурзат Токтосунова:

– Мирбек отуруштун көркүн ачкан шайыр адам. Күлдүрүп, ырдап, кыскасы, кеченин шаңдуу болушун колго алып жүрөт. Кайсы темада болбосун, аны менен сүйлөшкөн жагымдуу. Анан да бир жакшы жагын айта кетсем, сырды сактай билет.


Камчы Сарыбаев:

– Атабеков кичипейил өз ордун, өз баркын башкалардын да кадырын билген, тарбия көргөн бала. Алыстан көрсө да көрмөксөн болуп өтүп кетпей, чуркап келип учурашып кеткени адамды кубандырат. Бул баланын тамеки тартканы эле болбосо, төгөрөгү төп келген адам дээр элем.


Токтобек Асаналиев:

– Кийинки муундагы ырчылардын ичинен эң таланттуусу эле Мирбек го дейм. Мирбек менен көп деле мамилем жок. Сахнадан көрүшүп калсак, “салам, братан” дешмей. Ошол, ырчы катары чын эле азыркы жаштардан алдыда.


Мирбек туулган күнүндө эротикалык клип тартты

Ырчы Мирбек Атабеков “You are my destiny” аттуу ыры­на өзгөчө клип тарттырды. Сөзү, обону аткаруучуга таандык бул ырдын клибин тартууга 2000 доллар сарпталган. Өз ишин мыкты билген профессионал режиссёр Александр Биловко “европалык стилдеги клип тартып бер” деп ырчынын продюсери Канат Култаев кайрылган. Ошентип, режиссёрдун сунушу менен бул ырга эротикалык мүнөздөгү клип тартылды. “Клипте негизги ролду эмне үчүн орус кыз аткарган?” деген биздин сурообузга Канат “клип баштан-аяк Александрдын эмгегине таандык. Биз болгону, артист көйнөгүбүздү кийип, чакырылган убакытка бардык да тартылып келе бердик” дейт. Кыргыз шоу-бизнесинде биринчилерден болуп тартылган бул европалык стилдеги клипти Мирбектин туулган күнүнө продюсери белек кылды.

Сүйүн Кулматова
Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jolira
2009-08-17 22:09:23
Талантын осо берсин Мирбек!!!
Кыргыз элимдин сыймыгы болуп журо бер!
Мен сени жакшы кором!
:-))))
0
karyshkyr
2009-08-18 09:56:10
emi bardyk yrchylar erotikalyk klip tartyshsyn,
suyuu jonundo yrdap jurushup sadiktegi baldar bash bolup alardyn yryn yrdap kalyshkan. Emi eroticheskiy yrdashat ekenda ee,uyatsyzdar!
0
love me
2009-08-23 14:28:43
андай клип тарттырбай эле койсо болмок.Баркы тушуп калбаса болду.Андан башка деле толтура темалар турбайбы клип тартыруучу.
0
uke
2009-09-22 21:06:04
Клип олуп кетсин, тамекини тышта.
0
Jyldyz
2010-02-20 14:29:14
uke туура айтат Клип олуп кетсин, тамекини тышта.ийгйлик тек гана алга Мирбек
0
chika
2010-09-27 16:07:30
А мага клип жакты.Албетте уят жерлери эмес.Бирок профессионал тарткандыгы корунуп турат.Азаматсыз мирбек байке!Эгер чындап тамеки тартсаныз сизге таштоого кенеш берем.
0
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан