Баарыңыздарга белгилүү болгондой, гезитибиздин расмий www.super.kg порталы бар. Бул порталдын иштеп келе жатканына 7 жылдын жүзү болот. Бул жылдар аралыгында порталыбыз Кыргызстандын аймагында жана тыш жактарда ар кандай турмуш-шартта күн өткөрүп келе жаткан мекендештерибизди бир аянтчага бириктирип, башын кошуп келди. Эми да ал вазыйпасын алгылыктуу аткарууда.
Мекендештерибиз биздин портал аркылуу өздөрү алыста болсо да, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга, чечимдерге, иштерге өз пикирлерин билдирип, ар кандай кайрымдуулук иш-чараларга катышып, айтор, мекени менен байланышты сактап келишет. Мына ошол порталыбыз аркылуу өлкөбүздө, өлкөбүздөн алыста жүргөн боордошторубуз кыргыз ырчыларынын ырларын, клиптерин, концерттерин көрүп, угуп, ар кандай жаңылыктарынан кабардар болуп турушат. Эл менен өнөр адамдарынын ортосунда мындай көпүрө болуп берип жатканыбызга, албетте, кубанычтабыз.
Бирок өтүп бараткан аптада бир окуяга туш болдук. Жок, биз эле эмес, Кыргызстандагы мен-мен деген ырчылар туш болду десек туура болчудай. «Жоин Ком» аттуу компания бизге кат жөнөтүптүр, бир топ ырчылардын тизмеси менен. «Порталдан бул ырчылардын ырларын өчүрүп коюңуздар, бул ырларды биз гана тарата алабыз» деген маңызда. Ырчылар муну укканда таң калышты. Бек Борбиев, Аида Кулуева, Мирбек Атабековдун, Даниелдин, Алихандын продюсери болгон Канат Култаев, Дайыр Исмадияров, Съездбек Искеналиев, Нурлан Насип, Канат Кадыржан, Гүлшайыр Садыбакасова, Роза Шакирова, Арсен Мендебаев өңдүү бир топ ырчылар менен продюсерлер «Ал эмне болгон компания экен?» деп көпкө ойлонуп, эстей албай убара тартышты.
Биз да ойлонуп калдык, ырчылар билбей жатса, бул эмне деген компания болду экен деп. Издештирип көрсөк, «Жоин Ком» Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсү-4б дарегине катталган экен. Биздин билишибизче, «Европа+» медиа группасы дал ушул даректе турат. «Кыргызстан Обондору» да анын катарына кирет. Сыягы, бул компания Кыргызстандагы ырчылардын баарынын ырларына «ээлик кылууну» көздөп жаткан көрүнөт. Албетте, жылдыздар андай шартка макул болушкан жок.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев: «Ошондой компания бар экенин укпаптырмын. Мен, негизи, бир келишимге кол койгом. Орус улутундагы аял бильярд залынан жолугуп «силердин автордук укугуңарды коргойбуз» дегенинен кол коюп бере салгам. Чынын айтсам, ичин окуган деле эмесмин»,- деди.
«Кыргызстан Обондору» менен келишимге кол коюп жатканда бир гана алар аркылуу ырларыбызды жайылтуу шарты талкууга алынган эмес. Эгер ошондой талап бар болсо, ал бизге түшүндүрүлүп айтылса, мен кол коёрдо ойлонуп көрмөкмүн»,- дейт Урмат Усенов. Ал эми Омар, Арсен, Анжеликанын продюсери катары эмгектенген Миргүл Эсеналиева буларды айтты: «Омар дагы, Арсен дагы Кыргызстандагы бардык радио, гезит, медиа мекемелер менен иштешүүнү каалашат. Андыктан аталган компания менен байланышып, түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү керектигин айттык. Бир гана радиого ырларыбызды жайылтууга уруксат берүү шарты бизге түшүндүрүлгөн эмес эле, эки-үч күндө бул иш чечилет».
«Кыз-Бурактын» негиздөөчүсү, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова:
«3 жыл мурун «Кыргызстан Обондору» бүт артисттерди чогулткан, ошондо бир келишимге кол койгом, «жайылтууга макулмун» деп. Келишимде «Кыргызстан Обондорунан» башкаларда ыр-клиптер ойнотулбасын, жайылтылбасын, көчүрүлбөсүн» деген жери жок болчу, өзүм ал компанияга чалып, бул маселени териштирем»,- деди.
Аталган медиа группанын кызматкерлери, сыягы, келишимдин шартын ырчыларга оңгулуктуу түшүндүрүп деле отурушкан эмес өңдүү. Юридикалык жактан алганда, мындай иш-аракет кандай бааланышы мүмкүн экенин сөз кылбасак да болот.
Калыс Мамбетов