Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда зордукталып, анан муунтулуп өлтүрүлгөн жаш келиндин сөөгү табылды. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адам кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алды.
«КЫЗДЫ СҮЙРӨП БАРЫП...»
Биз барган учурда Свердлов РИИБинин тергөө тобу кылмышка шектелип кармалган адамды кылмыш болгон жерге алып барып, көрсөтмө алып жатышкан экен. Кылмышка шектелип кармалган КЫЛЫЧБЕК КАКЕЕВ колуна кишен салынган абалында милиция кызматкерлерине кантип кылмыш кылганын айтып берди:
– Телефон аркылуу таанышкандан кийин ал кыз мени жолугабыз деп чакырды. Жолуккан соң ушул жерде сүйлөшүп, сыра ичип отурдук. Бир убакта мени чаап жиберди, ошондо жиним келип мойнунан муунтуп туруп түртүп жибердим эле, эсин жоготуп койду. Анан мен аны сүйрөп барып, калган иш болуп кетти...
«МУУНТУП, ЭСИ ООГОНДО ЗОРДУКТАГАН»
Свердлов РИИБинин тергөөчүсү ЖАКШЫЛЫК АЛИЕВ кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:– Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда милицияга Келечек жаңы конушунун тургунунун короосунда 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз аялдын киши колдуу болуп каза болгон денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын мойнунда жана колу-буттарында сыйрылган тактар табылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тез эле каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, ал 1990-жылы Баткен облусунда туулган Б.А. аттуу жаран болуп чыкты. Ал ушул эле жаңы конушта батирде жашачу экен. Оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында 24-август күнү бул кылмышка шектелип 1990-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунда туулган Кылычбек Какеев кармалып, кылмышын мойнуна алган. Ал Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда үй куруп иштеп жүргөн. Анын жанынан кылмышка далил буюм: маркумга тиешелүү уюлдук телефон табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя 23-август күнү болжол менен саат 22:30-23:00 чамасында болгон. Кылмышка шектелип кармалган Какеев ошол күнү радиолордун биринин таанышуу программасына «Үй-бүлө куруу максатында кыз-келиндер менен таанышам» деп СМС жөнөтөт. Ал эми каза болгон айым ага телефон чалып таанышып, экөө Келечек жаңы конушунан жолугууга макулдашышат. Жолугуп 1-2 саат отурушкандан кийин кылмышка шектүү кызга асылып баштайт. Ал каршылык көрсөткөн учурда катуу чаап, эки колдоп муунткан да, кыз эсин жоготкондон кийин чөптүн арасына сүйрөп барып зордуктаган. Кыз болсо ошол бойдон эсине келбей каза тапкан. Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97 (киши өлтүрүү) жана 129-беренелери (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
«КАРАҢГЫДА ЧӨП-ЧАРДЫН АРАСЫНДА ЖОЛУКПАШ КЕРЕК»
НУРБЕК ШААБАЕВ, Келечек жаңы конушунун тургуну:– 24-август күнү эртең менен Фархат аттуу коңшум чакырып, «бир кызды өлтүрүп кетиптир» деп айтты. Аны угар замат ушул тегеректе жашаган эл чогулуп, милицияга кабар бердик. Милиция кызматкерлери келип, айлана-тегеректи карап жүрүшкөн. Анан ошол эле күнү ал кызды өлтүргөн деген адамды кармашыптыр. Кийин мындай окуя кайталанбасы үчүн кылмыш кылган адамга оор жаза бериш керек деп ойлойм. Анан бирөө менен таанышканда да ойлонуп таанышыш керек. Бул окуя ойлонбой таанышып алгандарга сабак болсун. Угушумча, алар радио аркылуу таанышып, 2-3 сааттын ичинде эле окуянын баары болуп кетиптир. Чөп-чардын арасында караңгыда жолугушканча, кафе деген бар, ошол жактарга барбайбы.
Коңшулары маркум тууралуу «Оор басырыктуу, мээнеткеч, жакшы кыз болчу. Мурун турмуш куруп, кийин ажырашып, 4 жашар уулу бар. «Дордой» базарындагы кафелердин биринде, кийин талаада дыйканчылык кылып иштеп жүргөн. Жакшы тааныбаган адам менен жолугушуп жаштык кылып койду» деп билдиришти.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg