Илгери-илгери өткөн заманда абышка менен кемпир жашаптыр. Алардын жалгыз кызы бар экен. Кызы сулуу жана сымбаттуу болот. Абышка-кемпир улгайганда көргөн кызын жумуш жасатпай, жокту көргөзбөй бөпөлөп өстүрүшөт. Бирок кыз мерез, таш боор болуп чоңоюп, карыган, алдан-күчтөн тайган ата-энесин карабайт. Сулуулугуна таянып, «мага эч ким жана эч нерсенин кереги жок, сулуу чырайым, сымбатым менен бул жашоодо кор болбойм» деген ой менен жашап жүрө берет.
Күндөрдүн биринде аңчылык кылып жүргөн хандын баласы кызды көрүп дароо жактырып калат да, жуучу жөнөтөт. Хан абышка менен кемпирге калың төлөп, кызын келин кылып алат. Күндөр өтө берет. Бир күнү ата-эне кызын көрүп келмекке хандыкына келишет. Кыз:
– Карыганда калжаңдап эмнеге келе жатышат?! Жигиттер, тигилерди киргизбегиле!- деп буйруйт.
Эне менен ата кийин да бир нече жолу келип, кызына жолуга албай кетишет. Арадан бир топ убакыт өтөт. Абышка-кемпир бир чети карылыктан, бир чети кайгыдан чөгүшүп, алдан-күчтөн тайышат. Хан берген мал да түгөнөт. Кароосуз калган ата-эне ошондо кызына аябай нааразы болуп, Кудайга жалынып-жалбарышат:
– О, Кудай, кызыбызды бапестеп өстүрдүк эле. Эми болсо бизди эсине албай, улгайганда карабай басып кетти.
Алардын муңу Теңирдин кулагына жетип, ал ачуусу менен «Адам кейпинен алыстап, арам куш болуп кала бер. Турган жериң жар болсун, бала-чакаң сууга жетпей зар болсун. Өзүң болсо өмүр бою зарлап аңкылдап өт» деп каргайт.
Ошондон көп өтпөй хандын баягы сулуу, чырайлуу келини өрдөккө айланат. Аңкылдап учкан үчүн аны эл «аңыр» деп атап коёт. Анын этин адам жебейт. Жумурткаларын тоо бооруна тууйт. Балапандары сууга жетпей, кокту-колот, арыктар менен араңдан зорго көлгө жетишет. Жетпей ара жолдо бир тобу өлөт экен.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg