Облус борборлорунун ичинен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов «Супер-Инфо» гезитинин расмий super.kg
порталында жүргүзүлгөн сурамжылоодо колдонуучулардын чоң колдоосуна ээ болду. «Кайсы мэр ишин канааттандырарлык аткарып жатат?» деген сурамжылоо боюнча Мелис мырза эң көп добуш топтой алды.
Шаар башчысынын досьесине үңүлсөк, Мырзакматов Мелис Жоошбаевич 44 жашта. Адистиги боюнча экономист-менеджер. Эмгек тажрыйбасын Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын сержанттыгынан баштап, кийин ишкердик менен алектенген. 2007-жылы ЖКнын 4-чакырылышында "Ак жол" партиясынын депутаты болуп шайланып келип, Ош шаарынын мэрлик кызматына 2009-жылы январь айында дайындалган. 5 жылдан бери аталган кызматты аркалап келет. Бул жылдар аралыгында Мелис Мырзакматов шаардык тургундардын чоң колдоосуна ээ болууга үлгүрдү.
Эмки санда Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматовдун биздин гезитке берген кенен маеги менен тааныша аласыздар.
Эльвира Караева
politika@super.kg