Казакстандын бардык аймагында стадион толтура эл чогулта алган белгилүү «МузАрт» тобу бар. Бул топтун күйөрмандары Кыргызстанда оголе көп. Бек Борбиев уюштурган «Кыргыз-казак бир тууган» аттуу концертке келген жигиттер биздин гезитке эксклюзивдүү маек куруп беришти.
– Куш келипсиздер, мырзалар! Кыргызстанга көп эле каттап турасыздарбы?
Мейрамбек: – Биз Бишкекке канчанчы жолу келгенибизди санабайбыз. Тек концерт менен гана эмес, досторубуздун кубанычын тең бөлүшүп, той-топурларда да келип турабыз. Өзүбүз деле Алматыда көп турбайбыз, ушул Бишкек сыяктуу шаарларды аралап концерт берип жүрөбүз. Келген сайын Бишкектин көркү артып барат, керемет шаар, элинин маанайы, сыйы бизди абдан кубандырат.
Кенжебек: – Ооба, кайда барбайлы, дайым кыргыз эли жакшы сөздөрүн айтып, жайдары тосуп алышат.
– Эгер сыр болбосо, Кыргызстанга кандай баада келесиздер?
Сакен: – Бир эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө, бүт Жер планетасын кыдырсак деле, жадакалса Казакстанда өзүбүздүн баабыз канча экенин билбейбиз. Бул жаатта иштеген атайын директорубуз, продюсерибиз бар, административдик жумуштар менен ошолор алектенет. Канча билет сатылды, канча акча түштү, канча адам келди ага баш катырбайбыз.
М.: – Мисалы, Бек Борбиевдин концертине акчага эмес, жөн гана эки элдин достугу үчүн келдик. Анан да биз Бек аганын ырларын ырдап жүрөбүз.
– Кыргыз эстрадасында кимдер менен жакшы катыштасыздар?
М.: – Кубаныч Сатаев, анан дагы бир комузда ойногон
Куба деген досубуз бар, ошолор менен тыгыз байланыштабыз.
С.: – Жаштардан Ильяз Абдыразаковду жакшы тааныйбыз, ырларын угуп калабыз. Бүгүн бир дасторкондо отуруп көптөгөн кыргызстандык өнөр адамдары менен баарлаштык, ой алмаштык. Кыргыз ырчылары «Биздин ырлар башка өлкөдө жаңырса, ырдалса, кадимкидей кубанабыз» дешти. Мындан он жыл мурун биздин топтун көпчүлүк ырларын кыргызчага которуп, аткарып жүрүшкөн.
М.: – Бул илгертен келе жаткан өнөр байланышы. Чыгармачылыкта алыш-бериш болуп турган жана боло бермекчи.
– Чыгармачыл адамдардын көбү айлап-жылдап концерт берип жүрүшөт. Жубай-жарыңыздар бул нерсени кандай кабыл алышат?
М.: – Алар кимге күйөөгө чыгып жатканын билишкен да (күлүп). Сөзсүз түрдө бала-чакаңды сагынасың, куса болосуң, бирок биздин жумушубуз ушундай. Кудайга шүгүр, азыр жакшы шарттар бар, телефон аркылуу күндө сүйлөшүп турабыз.
К.: – Бош кезде жанында болуп, кол-кабыш кылганга аракет кылабыз. Аларга деле кийими бүтүн, курсагы ток болгону жакшы да.
– Топко жаңы келгенде баарыңыздар бойдок белеңиздер?
С.: – Мен үйлөнгөн элем, калганы бойдок болчу. Сегиз жыл жогорку окуу жайда окуп, жубайыма 4-курста үйлөнгөм. Үйлөнгөндөн кийин дагы 4 жыл студент болдум.
Адамдарга акыл берсин, антпесе көз көргөн нерсеге эле кызгана берсе болот. Биздин жубайларыбыз түшүнүктүү, дайыма тыкан, таза, татына болуп жүрүшүбүздү каалашат. Кийимибизди үтүктөп, гастролго «кыздар карасын» деп жиберишет (күлүп).
М.: – Үйлөнгөндөн кийин топко болгон кызыгуу азайып калганбы деген да суроолор болушу мүмкүн. Бирок биздин үй-бүлөбүз чыгармачылыгыбызга кедергисин тийгизген жок. Эгер ырчы таланттуу болуп, эмнени ырдап жатканын билип, элдин көңүлүнөн түнөк тапса, ал эч качан көрөрманын жоготпойт. Тескерисинче, жылдан жылга көбөйөт. Мисалы, биздин топтун түзүлгөнүнө 13 жыл болду. Бул жылдарда күйөрмандарыбыз көбөйсө көбөйдү, бирок азайган жок.
– Үй-бүлөңүздөр тууралуу да айтып өтсөңүздөр...
С.: – Менин 1 уул, 1 кызым бар. Уулум 15 жашта, кызым жакында эле жарыкка келди, кыркы чыга элек. Эки баламдын ортосунда өтө көп тыныгуу болуп калды. Кудай буюрса, Кыркбай, Элүүбайларды баштайбыз (күлүп).
К.: – Менин 1 уулум, эгиз кыздарым бар. Жугуштуу болсун деп жүрүп акыры Сакендин Раяна деген кызын дүйнөгө алып келдик го (күлүп). Мейрамбектин 1 кызы бар.
– Ырчылыктан тышкары бош убакта эмне менен алектенесиздер?
М.: – Бильярд ойнойбуз, ат минебиз, дегеле спортко кызыгабыз. Бизде, Алматыда ырчылардан куралган футбол командасы бар, «Алатау» деген. Кези келгенде башка шаардын өнөр адамдары менен беттеш өткөрөбүз. Мүмкүн, Бишкектин ырчыларынан куралган футболчулар биздин ырчылар менен ойноп калар.
С.: – Орусиянын да атактуу адамдардан куралган футбол командасы бар. Алар биз менен ойноо максаттары бар экенин билдиришти. Ошолорго чакыруу таштап, жакында беттешели деп даярданып жатабыз.
М.: – Ушул жерден бир нерсе айтып кетейин, көбүнө гол киргизчү мына менмин, ха-ха...
К.: – А мен коргоочумун (күлүп).
– «МузАрт» тобу 10 жылдык концертин бергенден кийин тарайт» деген кептер чыкты эле...
М.: – Кудай сактасын андайдан. Билбейм, биз тууралуу «тарайт экен» деп эле эмес, башка көп эле ушактар айтылып келген. Андайларга маани деле бербейбиз. Биздин жумушубуз ушак-айыңдарды тыңдоо эмес, чыгармачылык менен алга жылуу.
– Учурдагы кыргыз музыкасына болгон көз карашыңыздар кандай?
М.: – Кыргыз музыкасы кулакка жагымдуу, жүрөккө тез жетет. Эмне деген улуу композиторлоруңуздар бар. Сиздердин «Кызыл өрүк» казактын калканындай эле болуп калды. Репертуарыбыздагы «Арман, ай», «Тамчылар» деген кыргыз ырлары бизде жакшы кабыл алынат.
С.: – Мисалы, бизде 10 жыл мурун жазылган «Кудача кыз» деген ыр Кыргызстанда көпкө хит болуптур. «Бир «Кудача кыз» деген ыр менен ал жигит үй салып жатыптыр» деген кептерди угуп биз кубандык. Ыр жазылгандан кийин жарыкка чыгып, элге тарашы зарыл. Андыктан бири-бирибиздин ырларыбызды кызганбашыбыз керек.
Дагы бир чоң кубаныч, мактаныч менен айтып кете турган жагдай, мен муну айтуудан арданбайм да, уялбайм да. Казакстандын радиолоруна караганда Кыргызстандын радиолору өтө жакшы жумуш жасайт. Өзгөчө кыргыз тилинде. Мындан улам кыргыздын ырчыларында өздөрүн «раскрутка» кылууга мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен. Кыргыз тилиндеги радиолор өтө көп, ошого кубанабыз.
К.: – Чынында, ошондой, Кордайга жеткенче радиодон кыргыздын ырларын тыңдап барабыз.
С.: – Менин 10 жыл мурун жазган «Ак куулардын арманы» деген ырым бар эле. Ошол ырымды силердин бир кызыңар («Кыз-Бурак» тобу, ред.) ырдап чыгыптыр. Угуп алып абдан кубандым, жакшы ырдаптыр.
– Маегиңиздерге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg