Көп аял алуу өтө ылдамдык менен коомубузда орун алууда. Андай көрүнүшкө кадам сайын кездешип жатабыз. Биз теманы «игнор» кылгандан маселе өзүнөн-өзү бүтүп калбашы анык. Ниетибизде көп аял алгандарды сындайлы же колдойлу деген да ой жок. Болгону «чала молдо дин бузарлардан» эмес, бул жаатта билимдүү адамдардан сурап, маселелерди айкынга чыгарып алалы дедик.
Соболго ажы ЧУБАК ЖАЛИЛОВ жооп берди. – Шариятта эки аялдын укугу кандай каралган?
– Шариятта бирден ашык аял алган учурда эркек аялдарына убактысын тең бөлүүсү, бирдей шарттарды түзүп берүүсү, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылуусу милдеттүү. Байбиче менен токол тең укуктуу болот.
– 2 же андан ашык аял алууга кимдерге болот? Каражатына кароо керекпи же эркектин күч-кубатына карашы керекпи?
– Албетте, эркектин күч-кубаты биринчи маселеде турат. Андан кийин материалдык тарабы каралат. Колунда бар, ден соолугу чың, акыл-эстүү, адилеттүү боло алган, шарияттын өкүмдөрүн аткарып жүргөндөргө уруксат берилет. Анткени намаз окубаган адамдын Алла Таала буюрган адилеттүүлүктү аткара алуусу күмөн.
– Шарият боюнча эркек жесир аялга анын жетим балдарын багуу үчүн үйлөнүүсү керек деп укканым бар. Бирок учурда 18 жаштагы кыздарды алуу хит болууда...
– Эки аял алуунун негизги максаты – коомдогу жетимдерди кароого алуу, аларга толук үй-бүлөлүк тарбия берүү, жесирлерге моралдык жана материалдык жардам берүү болуп эсептелет. Бирок сөзсүз түрдө жесирлерди алуусу милдеттүү эмес. Жаш кыздардын турмушка чыгууга мүмкүнчүлүгү тиги жесирлерге караганда көбүрөөк болгондуктан, мүмкүнчүлүгү аздарга шарт түзүп бергенди жакшыраак көрөт шариятыбыз.
– Өткөндө бирөөгө молдо «биринчиңдин макулдугунун никеге кереги жок, кийин айтып койсоң деле болот» дептир. Ушул туурабы?
– Туура. Экинчи аял алганда биринчи аялдын уруксат берүүсү милдеттүү эмес. Психикасы жайында болгон эч бир аял эч убакта уруксат бербейт.
– Биринчисин эптеп бага албай жаткан кыргыздарга экинчисинин кереги барбы?
– Албетте, кереги жок. Катуураак айтсак, дегеле бага албаса биринчисин деле алуунун кажети бар беле деп ойлоносуң. Турмуштун чындыгынан алып карасак, биринчисин эркек өзү бакса, экинчи аялы күйөөсү менен биринчи аялын кошо багышып деле коюусу мүмкүн эмеспи. Эмне үчүн буларга тыюу салышыбыз керек? Тиги байкуш деле күйөөлүү болуп калсын, анын эмне жазыгы бар? Ага күйөөнү темирден жасап беребизби? Эркектер аз болуп, аялдар көп болгондугу үчүн эле ал аял күйөөсүз өтүүсү керекпи?
– Экөөнүн бир үйдө жашоосу мүмкүнбү?
– Ар бир аялдын өзүнө таандык жатак бөлмөсү, өзүнө таандык дааратканасы, жуунчу жайы, ашканасы болуусу керек. Эки аялга бир даараткана, бир ашкана, бир жуунчу жай койгону туура болбойт. Эгер аялдарда ынтымак болсо, бир ашкана койгон болсо жарай берет.
– Экинчи аял алып, бирок адилет карабай койгондорго кандай жаза болушу керек?
– Экинчи аял алгандан кийин эркек адилеттүү болбосо, акыр кыяматта темир араа менен арааланат. Ал эми бул дүйнөдө ислам казысы абалга жараша жаза колдонот. Шариятта аялды багуу үчүн гана алат деген кээде туура эмес болуп калат. Бул көп аял алууну токтотууга жетиштүү далил боло албайт, негиз да болуп бере албайт. Багуу көп аял алуунун себептеринин бири гана. Биринчи аялы төрөбөй калса же оорулуу болуп калса, же балдары көп болуп жүдөп, күйөөсүнө тийиштүү деңгээлде кызмат көрсөтө албай калса, экинчи аял алуусу мүмкүн. Аялдарына каралашпай койсо, ислам сотуна кайрылуу керек.
Ушундай эле суроолорубузду ажы МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕКке узаттык.
– Учурда жалгыз бой аялдардын саны көп. Бул маселени көп аял алуу менен чече алабызбы?
– Алгач өтө олуттуу болгон үй-бүлө маселесин карайлы. Никенин максаттары бар. Бирин-бири бузукулуктан сактоо жана тукум улоо, ошондой эле жубайлардын бири-биринен ырахат алуусу. Бул нерселер жок болсо, нике тез эле бузулат. Аялы төрөгүсү келбейт, ал эми эркеги оорукчан же...
– Же эркектер бага албайт...
– Жок, багыш бул маселе эмес, деги эле аялдарды эркектер чанда багат. Болбосо жесирлер менен жетимдер кырылып калбайт беле. Никеде жубайлар бири-биринен ырахат алып жашаса, анда багуу маселеси келип чыкпайт. Бул жөн гана конфликт үчүн шылтоо. Жанагы үч фактор менен үй-бүлөнү тургузуп алгандан кийин, экинчи же үчүнчү үй-бүлө эмне деген суроо туулат. Демек, кийинкилери да ошондой гармонияда болуусу шарт. Маселе көп аял алууда эмес, нике деген өзү кандай болуш керек, алгач ошону түшүнүп алуу абзел.
– Динде аялга аяр мамиле жасаш керек дейт го. Биринен экинчисине өтө берген туура нерсеби?
– Албетте, 70 жыл атеисттик көз караш менен жашаган аялдардын дүйнө таанымы башка. Диний дүйнө тааным башка. Акырет үчүн, таза болуу үчүн же жөн гана өзүн аял сезүү үчүн аялга эр керек. Экинчи аял алып жаткандарга кеңешим бар. Алгач өзүңөр динде туруп, эки аялдын ортосунда акыйкат болом деп өзүңөргө ишенип, анан биринчи аялынын да, экинчи аялынын да динден түшүнүгү болбосо, убара болуунун кереги жок. Болбосо андай үйдөн жаңжал кетпейт. Аларды токтотуу үчүн эркек же муштумун жумшайт, же акчасын жумшайт. Бирок экөөндө тең жубайлар ырахат алып, бактылуу жашап жатышабы? Жок!
– Ошондон улам жаңжал чыгат. Аягы ажырашууга апкелет эмеспи...
– Динден түшүнүгү болбой туруп бул кадамга эркек да, аял да барбашы керек. Динде эмес аялдын кызганычы жапайы кызганыч, эркеги да жапайы, акырын айтып түшүндүрбөй муштум көтөрөт. Анан эки үйдөгү балдар запкы жейт. Азыр болгону процесс кетип жатат. Түшүнгөндөр бактылуу жашап, түшүнбөгөндөр ажырашууда. Бирок бул да акырындап өз ордуна келет. Кыздар эки аялды бага ала турган эркекти тандаганды үйрөнө башташат. Эркектер эки аялдын жоопкерчилигин сезе башташат. Баары акырындап келет.
– Биринчи аял экинчисине макул болуу тенденциясына да келебиз деңизчи...
– Негизи, эки аял алган эркектер азаматтар. Анткени бир эле аялдын чарбасы алдуу-күчтүү эркекти ийип коёт. Анан экинчини эмне кылат, жөн эле койчу дегим келет. Бирок саргарып жүргөн кыз-келиндерди көргөндө аларга боорум ачыйт. Алар да ысык жан да...
– Чынын айтсаңыз, эркектер эмнеге 2-3 же андан ашык аял алгылары келет?
– Ал эми эркектердин табияты. Аялы болуп туруп эле 2 же 3 ойнош күткөн эркектер бар. Андан көрө нике кыйып аларды багып, эл алдында жүзү жарык болгону жакшы. Ал эми аялдарга андай эмес. «Аялдардын баалуулугу эмнеде?» десе, «Алардын бир эркекке болгон махабатында» деген. Алла айтып жатат «Мен силерди ушундай жараткам, андыктан 2-3 аял алгыла» деп. Аялдарга эмнеге антип айткан жок? Демек, өзү жаратып жатып табиятыбызга эмне керек экенин билген да.
– Анда эмне үчүн башка диндерде кош никеге уруксат жок?
– Түпкүлүгүндө башка диндерде да бул нерсе бар, бирок алар бурмаланып кеткен.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg