ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН УБАДАЛАРЫ УНУТУЛДУБУ?

Жалал-Абад шаардык кеңе­шинин кезектеги сессиясы 2013-жылдын 12-сентябрында Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрында ачык түрдө өтөт. Мындай маалыматты шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев билдирди. Анын айтымында, сессияга ар бир каалоочу катыша алат. Анда шаардын ички, тышкы маселелери, депутаттардын кабыл алган чечимдери, бюджет жана анын аткарылышы, мэрдин жүргүзгөн саясаты талкууланары белгилүү болду.
Буга чейин массалык маалымат каражаттарына шаардык кеңештин жана мэриянын ишмердигине бир топ сын-пикир айтылып, «Өнү­гүү» партиясы тарабынан шаар мэри Муктар Арапбаевге ишенбөөчүлүк билдирген кайрылуулар жарыяланган. Көпчүлүктү түзгөн «Ак ниет» коалициясынын ичиндеги айрым депутаттар да калаа башчысынын ишине канааттанбай, шаар башчыны алмаштыруу керектигин айтышкан эле. Ошондой эле шайлоодо өтпөй калган айрым партиялардын өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттары шайлоочуларга берген убадаларын унутуп, өз кызыкчылыктары үчүн аракеттенип калышканын белгилешүүдө. Мына ушундай нааразычылыктан улам кезектеги сессияны ачык-айкын өткөрүшө турган болду.

Кенже Тынымбек кызы
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан