27-август күнү Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин «Жашоо – чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр» аттуу фестивалы болуп өттү. Аталган сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Казакстандан таланттуулар келип, жалпы катышуучулардын саны 40ка жетти. Сынак эстрада, фольклор жана бий багытында болду. Ага 16 жаштан жогору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, ата-апалардын да, жаштардын да өнөрлөрүн көрө алдык. Иш-чарага өкмөттүн облус боюнча ыйгарымдуу өкүлү Эмил Каптагаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов катышып, фестивалдын катышуучуларына акчалай белек тапшырышты. Аталган фестивалды уюштурган Каракол шаарындагы «Теңдик» уюмунун жетекчиси ГҮЛМИРА КАЗАКУНОВАНЫ кепке тарттык.– 5 жыл мурун Ысык-Көл облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин «Теңдик» ассоциациясы түзүлгөн. Анда өзүбүздүн көңүлүбүздү көтөрүү максатында ыр кесе уюштуруп алган элек. 2011-жылы жалал-абаддык шериктештер келип, аларга ыр кесе сунганбыз. Былтыр ыр кесебиз Кербен шаарында өткөрүлүп, алар ыр кесенин атын өзгөртүп биринчи республикалык фестиваль деп коюшкан. Быйыл кайрадан бул фестиваль Көл жергесинде өттү.
Эстрада жанры боюнча баш байгени Бишкек шаарынан келген Гүлүм Касымбаева ээлеп, 1-орунга Майлы-Суу шаарынан келген Каныбек Базарбаев жана Перизат Кемелова татыды. 2-орунду Ош шаарынан келген Өмүркан Шермаматов багындырды. Фольклор жанры боюнча баш байгени Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Жакыпов, 1-орунду Нарын шаарынан келген Гүлбарчын Исаева, 2-орунду Кербен шаарынан келген Айжамал Чыныбекова, 3-орунду Марс Жакыпов ээлешти. Бий жанры боюнча 1-орунду Айдай Черикбаева, 2-орунду Айбек Боталиев, 3-орунду Бахтияр Мухниса багындырышты. Эстрада жанры боюнча биринчи орунга арзыган КАНЫБЕК БАЗАРБАЕВ буларга токтолду:– Фестивалдын шылтоосу менен көп жерди көрдүм. Атайын Майлы-Суу шаарынан келген элем. Буга чейин да анча-мынча сынактарга катышып жүрчүмүн. Ошол нерсе таасир этти окшойт, биринчи орунга ээ болдум.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg