«Тамашоу» Лигасынын 5-сезонунун триумфаторлору «Моника Беллуччи» курама командасы жоюлду. Команданын капитаны Бакыт Осмонканов:
«Негизи, биз 5-сезондун алдында эле тарайбыз деген элек. Бирок көпчүлүктүн суранычы менен, анан өзүбүздүн чемпиондукка умтулган ниетибизден улам ойноп калганбыз. Кудай буюруп, чемпиондукту да багындырдык. Эми 6-сезондо ойноо зарыл эмес деп эсептейм. Акыркы жолу команда катары мэрдин кубогундо ойнойбуз, ошону менен жыйынтыктайбыз. Себеби багындырчу бийиктикке жеттик, ага кайрадан кайрылуунун кажети жок. Анын үстүнө командадагы балдардын баары азыр студент эмес, чекеден үйлөнүп, үй-бүлө күтүп жатат дегендей. Мына, буюрса, октябрда Азим Кунеев үйлөнөм деп турат. Кыскасы, баарыбызда тамашасыз турмуш жолубуз башталды. Жеке мен болсо ушул эле чөйрөдөн ордумду таптым, теле жаатында да эмгектенип жатам»,- деген маалымат берди.