8-сентябрь күнү Индонезиянын Бали аралында «Дүйнө сулуусу-2013» сынагы башталды. Ага дүйнөнүн 131 мамлекетинен келген сулуулар катышууда. Индонезияда Кыргызстандын намысын 18 жаштагы сулуу Жибек Нукеева коргоодо. Аталган сынакка Жибек «Кыргызстан сулуусу-2013» наамын багындырган соң жолдомо алган. «Дүйнө сулуусу-2013түн» алкагында баш байгеге ат салышкан кыздар улуттук бий, спорт, пляж модасы сыяктуу түрдүү кичи сынактарда өздөрүн көрсөтүшү шарт. 28-сентябрь күнү сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Акыркы маалыматтар боюнча, Жибек мыкты 40 кыздын катарына кирип, ал эми «пляж модасы» тапшырмасы боюнча керектүү 10 упайды ала албай калды. Андан сырткары учурда интернет айдыңында сулууларга добуш берүү жүрүүдө. Эң көп добуш алган бийкеч сынактагы упайларына карабай алдыңкы 15 кыздын катарын толуктайт. Кубандырганы, 12-сентябрдагы жыйынтыкка караганда, добуш чогултуу жагынан Жибек 2-орунда келатат. Азырынча ким «Дүйнө сулуусу» аталарын жоромол кылууга эрте. Ошентсе да кыргыздын сулуусуна ийгилик каалап туралы.
Баса, Кыргызстан «Дүйнө сулуусу» сынагына экинчи гана жолу катышууда. Буга чейин Назира Нуржанова Лондондо өткөн «Дүйнө сулуусу-2011ге» катышып, орунга илинбей келген эле.