НУРМАТ САДЫРОВ: «АТАМ БАШКАНЫ ТАНДАП КЕТКЕН»

Бул жигит алгач «Сүйгөн жүрөк» деп ырдап чыкканда көпчүлүк жактырып, эми «өчүп» калбаса экен дешкен. Андан бери 3 жыл өтүп, Нурмат бир катар хит ырларды жаратып келүүдө. «Мен сүйгөн менен пайда жок...» деп сыздап ырдаган ырчы жашоодо кандай адам? Аны жакындары айтып беришет.

– Салам, Нурмат. Айтсаң, өзүңдү кандай уулмун деп ойлойсуң?
– Мен 8-классты бүткөндө ата-энем ажырашып кетишкен. Ошондо апамды алып шаарга баса бергем. Атам башканы тандап кетти, бирок кайда жүрбөсүн, амандыгын тилейм.
Мен жаштайымдан өз алдынчалыкка көнгөм. Эки жолу катуу кырсыкка учураганда аман калдым. Анда апамдан жашыруунун айласын издемей. Мен үчүн энемдин жүрөгү оорубасын дейм. Гастролдон келгенде апамдын уйкусун бузбайын деп түндөсү досторумдун үйүндө калам. Демек, мен башкаларга зыяным тийбесе деген, асыл энемди аяган адам окшойм үлүп).
– А кыздарга тиешелүү болсочу?
– Ушул кезге чейин эки кызды сүйүп, алар менен кыз-жигит катары сүйлөшкөм. Калгандарына жөн гана жактыруу сезими болгон. Ошондуктан кыздар «Мага үйлөнөсүңбү? Мени таштап кетпейсиңби?» деген суроолорду бергенде дароо «мен үйлөнчү кызга жолуга элекмин» дейм. Куру үмүт бергим келбейт. Бирок сүйлөшкөн кыздардын баарын сыйлайм, себеби мага жакшы гана кыздар учураган.
– Чыгармачылыкка кайрылсак, сахналаштар менен мамилең кандай?
– Мен улуу-кичүү, элитабы, жөнөкөйбү, баары менен жакшы мамиледемин. Омар менен чыгармачылыктан сырткары достук да байланыштырат. Көп учурларда бири-бирибизди колдоп, кечелерге чакырса, мени кошуп алып дегендей, тыгыз байланыштабыз.
– Көбү мектепти бүткөндөн кийин классташтары менен катышпай калат эмеспи. Сенин мамилең кандай?
– Туура, мен деле классташтарымдан алыстап кеткем. Ишенсең, бир гана Санирабига деген кыз менен сүйлөшүп турам. Ал кызга ашык болгом, убагында. Кат жазып, жолугушууга чакырсам, «азыр жашпыз, кел, бир жылдан кийин жүрүп баштайбыз» десе алданып калчумун. Көрсө, анда Санира директордун баласы менен сүйлөшчү экен да.

Кесиптеш досу ОМАР:
«БООРДУ ЭЗГЕН КУУДУЛ»
– Биз өзүбүзчө ырчыларды экиге бөлөбүз: татаал кайрыктарды мыкты аткаргандар жана элге сиңимдүү ырларды жакшы ырдагандар. Нурматтын ырларын мен элге сиңимдүү деп айтар элем. Чынын айтсам, өзүмдүн айрым ырларыма караганда Нурматтыкы көбүрөөк жагат, айрыкча «Сүйгөн жүрөк» деген ыры.
Бул жигит менен гастролго чыксаң, күлкүгө тоюп келесиң, мыкты пародист. Эски кыргыз тасмаларындагы актёрлорду туураганда каткыра берип бооруң эзилет. Достордун тегерегинде бир шайыры болот эмеспи, ошондой адам бизде Нурмат. Досумдун эң негизги артыкчылыгы – жөнөкөйлүгү, бирок ушул сапат кемчилиги дагы. Себеби анын азабын көп эле тартып калат.

Нурматтын апасы БАЗАРКАН ТАЖЫБАЕВА:
«КЭЭДЕ ЫРДАБАЙ ЭЛЕ КОЙЧУ ДЕЙМ»
– Балам кичинекейинен турмушка тың өстү, кээде эле кыялы кармап калмайы болбосо. Экөөбүз отуруп ыр жазабыз, сырдашабыз, келечекти пландайбыз. Өзү жазып калса мага окуп берет, уйкаштыктарын карап, мен текшерип берем.
Бала чоңойсо да эне үчүн кичинекей бойдон кала берет эмеспи. Нурматым бир жыл ичинде эки жолу жол кырсыгына кабылып жүрөгүмдү түшүрдү. Жакында эле экинчи жолу кыр­­сык болгондо улам түшүмө кире берген эле. Тынчсызданып чал­сам албайт. Көрсө, ошондо Кара-Бал­­тада оору­­канада жаткан экен. Кабарды угарым менен балама же­тип бар­­­­дым. Ал болсо «Эмне келдиңиз, тимеле койбойт белеңиз?» дейт. «Кагылайын, ырдабай эле койчу, жанымда жүрчү дегенге чейин бардым. Бала үчүн эне жүрөгү жанчылып кетерин түшүнбөйт да али. Эмнеси болсо да эл ичинде аман жүрсүн.

Мурдагы сүйлөшкөн кызы САЙКАЛ:
«КОЛУМДУ СУРАСА, МАКУЛ ДЕЙТ ЭЛЕМ»
– Нурматты мен 3 жылдан бери тааныйм. Ал жаш баладай ишенчээк, уялчаак, элпек. Жаңы ыр жаздырса да «Угуп көрчү, жагабы?» деп келет. Убагында экөөбүздүн ортобузда жылуу сезимдер болгон эле, кийин дос бойдон калалы деп чечтик.
Нурмат али жүрөгүнүн чыныгы ээсин таба элек окшойт. Досумдун кандай жигит экенин билем, ошондуктан колумду сураса, макул дейт элем. Себеби ал эң мыкты адам.

Классташы САНИРАБИГА:
«МАГА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЧУ»
– Нурмат экөөбүз бир айылда чоңойдук. Мектепте жакшы окуп, ырдын сазайын берчү. Мага балалык сезимдерин арнап кат да жазып жүрдү. Бирок анын агасы менин эжемди алган, «тууганбыз, болбойт» деп койгом үлүп). Азыр деле мурдагыдай жөнөкөй, сылык, тыкан адам бойдон калганы мени сүйүндүрөт.

Нуркыз Курманбек кызы
(Айрым сүрөттөр Нурмат Садыровдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурмат Садыров: "Атам башканы тандап кеткен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
rrara
2013-09-23 22:33:32
хехехееее
0
mahabat.
2013-09-24 00:22:25
Абдан талантту жигит.Урматту Нурмат биз сизден жаны хит ырларды чыдамсыздык менен кутобуз.
+1
N.Bakazova
2013-09-24 00:35:23
Alga, Alga, Alga ! Nurmaaat, Algaaaa !
0
malika80
2013-09-24 00:55:06
Чыгармана ийгилик,
0
crystaleyes
2013-09-24 17:57:27
эмне азыр КГ да кызлар "мени аласынбы деп калганбы"?хехееех не надо так низко подать) уже который раз биздин ырчылар кыздар жонундо мына ушинтип жазганын окуп жатам^-^
+1
crystaleyes
2013-09-24 18:04:29
стиль шляпа пляпа коляска деп кемчиликтерин таабып эле ушуактай бербесенер,ал шляпаны силерге жагайын деп кийген жок да же кантип кийинишин дагы бизден сурап кийинсинби?и при чем тут его стиль я вообще не понимаю?
0
omurbek9393
2013-09-24 23:18:17
”Суйгон журок” деген ырын мен да суйуп угам жакшы ырдайт ийгилик!
0
SuLuWkA
2013-09-25 00:55:03
Апасын сыйлап турганы абдан жакты молодец так держать ал эми ырлары коп деле жага бербейт неси болсо да ийгилик.
-1
aika_87_2007
2013-09-25 01:29:51
Шляапа кийгенди нурматтан эле коруп журом жарашат
Эн негизгиси таланьын осо бер алгаааааа сенин журогум мурогум деген ырынды суйуп угам
0
dinajanka
2013-09-25 08:37:43
Азаматсын оркундой берсин биздин ырчылар.. Алга!!!!
+1
Akylai_aktan
2013-09-25 14:16:56
М.ммм баарыбыз эле апаларды сыйласак
0
Perishka1993
2013-09-25 19:24:09
Нурмат аке эжемди типа бабница кылып интервью бериптирсиз даа.
0
Debi
2013-09-25 21:47:56
Аябай сонун бала экен, апасы да жакты абдан, адамдын бешенесинен эле билинет го, ким экени. Тилеген тилегине жетсин! Жараткан андан артыгын бергиси келет.
0
burka
2013-09-26 22:12:26
Daniyar Ermatovgo okshosh jonokoi jigit eken!rvthug
0
tasuluu
2013-10-26 19:32:45
Ийгилик,уй булолук бакыт каалайм
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан