ЗЫМЫРАТ НУСРАТОВА, Баткен драма театрынын актрисасы: «КҮЙӨӨМ МЕНИ ТЕАТРГА ӨЗҮ ЖЕТЕЛЕП КЕЛГЕН»

Театрда жараткан ролдору менен элге белгилүү болгон өрүкзардын таланттуу айымдарынын бири Зымырат Нусратова бүгүн бизде конокто. Актриса менен баарлашып отуруп Зымырат айым өзү сүйгөн жумушу, бардык жактан колдоп турган жолдошу, күч-кубат берип турган балдары бар бактылуу аялдардын катарын толуктаарына күбө болдук.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү1963-жыл, 10-январь
Билими – Токмок шаарындагы Маданий агартуу окуу жайынын китепкана тармагын аяктаган
Үй-бүлөлүү3 уул, 2 кыздын апасы
Учурда – Баткен облустук музыкалык драма театрында эмгектенет, Мада­нияттын мыкты кызматкери

– Сизди театр үчүн баарына даяр деп угам. Мындай сүйүү эмнеден улам пайда болгон?
– Бул сүйүү жаш кезимде пайда болгон. Кесибим боюнча китепканачымын. Кийин гана актриса катары таанылып калдым. Ушуга чейин бул жаатта билим албай калганыма өкүнөм. 6-класста окуп жүргөн кезимде апам оорудан каза болду. Агаларым жер тепкилеп ыйлап жатышса, кичинекей болгонум үчүнбү, «ыйлабагыла, апам келет, апам эч качан өлбөйт» деп айтканым эсимде.
Ошентип, чоң энемдин колунда калдык. Мен мектепти аяктап, окууга барайын деп жатканда чоң энем ооруп калды. Менден кийин ини-сиңдилерим бар болчу. Чоң энем менен кичине балдарды таштай алчудай эмесмин. Жогорку билим албасам да, Баткенде Маданият үйүндө иштеп жүрүп турмушка чыгып, шартка байланыштуу китепканада иштеп калгам.
– Анан кантип театрга келип калдыңыз?
– Турмушка Баткендин алыскы аймагы болгон Дара айылына чыктым. Маданият үйүнө Баткенге келип иштөөгө шарт болбой калды. Ошондуктан айылдагы китепканада иштеп калдым. Билим керек деп жолдошум Токмок шаарындагы Маданий агартуу окуу жайынын китепкана тармагына тапшыртты. Китепканада 20 жыл иштедим.
2006-жылы Баткенге театр ачыларын, ага өзүбүздүн өрүкзардан чыккан Апаз Жайнаков жетекчи болорун уктум. Таланттууларды тандап жатканын угуп, жашым өтүп калса да бардым. Ошентип, талантым менен тандалып алынып, театрга жумушка орношуп, иштеп келе жатам.
– Ортодо бир топ убакыт эл театрды жакшы билбей калган эле...
– Ооба, айрымдар спектакль эмне экенин билбей бараткан. Театрдын ишине киришип, элге кызмат кылуудагы түйшүк жетекчибиз Апаз Жайнаковду отуна күйдүрүп, суугуна тоңдурду. Театр үчүн күйүп-бышкан адам гана иштеп кете алат. Спектаклдерге аз адам келсе, мектептерге барып окуучуларга спектакль эмне экенин түшүндүрүп, билет сатып жүргөн күндөрүбүз да болгон. Азыр көрүүчүлөрүбүз арбыды.
– Театрда жаштар өтө аз экени билинет. Бул эмнеликтен деп ойлойсуз?
– Учурда бизде да артисттердин көпчүлүгү орто жаштагылар. Жаштар көп болсо 1-2 ай иштеп, анан кетип калышат. Алар үй-бүлө багуулары керек да. Ал эми бизде айлык маянабыз 3000-4000 сомду түзөт. Кыскасын айтканда, көйгөйдүн баары акчада. Азыркы жаштардын көпчүлүгү 3000-4000 сом үчүн 1 ай театрда иштөөдөн баш тартып жатышат.
– Ушул жерден бир суроо бергим келип жатат. Эгер сиз азыр жаңы эле жогорку окуу жайды бүтүп келген болсоңуз, ушу маяна менен жумушка кирет белеңиз?
– Ооба. Кандай болсо да бир айласын таап иштемекмин. Себеби өзүң жактырган, жүрөгүң сүйгөн ишти кылбасаң, жашооң толук болбойт экен. Жасап жаткан ишиңе жан дүйнөң менен бериле албайсың. Мен кайра жаралсам деле ушул кесипти тандасам керек.
– Артисттердин көбү гастролдоп жүрүшөт. Сизди жолдошуңуз кызганып жибербей койгон учурлар болобу?
– Жок, андай болбойт. Себеби театрга мени Мамат өзү алып келген. Театр ачылып, таланттарды издеп жатканда жолдошум өзү «кастинг качан болорун билип келейин, барып катышасың» деп Баткенге келген. Бир жагынан жолдошум менин театрга кеч аралашып калганыма өзүн күнөөлүү сезет. Себеби мен маданият тармагында иштеп турганымда «иштетем, айылдан көчүп келебиз» деп үйлөнгөн болчу. Бирок турмуш биз ойлогондой оңой эмес экен.
Турмушка чыккандан кийин Баткенге көчүп келе алган жокпуз. Жолдошум үйүндө кенжеси болуп, апасы бир топ жашка чыгып калган эле. Азыр ойлосом, жаш экенмин, иштетем десе ишенип турмушка чыгыпмын да. Азыр ал «сени жакшы көргөнүм үчүн ошол убакта ошентип айтуудан башка аргам жок эле» деп калат. Жолдошум да, балдарым да колдоп, ар бир ролумду көрүп, сын-пикирлери менен бөлүшүп турушат.
– Эң алгачкы ролуңуз жана негизи эле табиятыңызга кандай ролдор жакын?
– Аскар Ражабалиевдин «Пейлиңден көр» деген чыгармасында алгачкы жолу тажаал апанын образын жараткам. Бирок апкаарып, режиссёрго бул образды такыр жарата албасымды айтып, алмаштыруусун сурансам, «ал сенин колуңдан келет, көзүңдөн көрүп турам» деп болбой койду. Аябай ойлонуп, изденип, тажаал кайнененин образын жаратууга аракет кылгам. Мен сахнага чыгып, келиниме барып башындагы ак жоолугун жулуп алганда залда отургандар «желмогуз» десе болобу?!
Көп учурда ролду өзүң тандабайсың, режиссёр сенин жөндөмүңө, мү­нөзүңө карап бөлүп берет. «Бул менин табиятыма жакын эмес, аткара албайм» дебей, берилген ролго толук кандуу кирип ат­карууга аракет кылам. КРнын Эл артисттери Токтобек Сатаров, Замир Сооронбаев, Талант Апиев, Каныбек Дүйшөналиев, Акылбек Абдыкалыков менен бирге иштешип, түрдүү ролдорду жараттым.
– Катуу өкүнгөн же кубанычка баткан күндөрүңүз?
– Өкүнгөнүм – апамдын эрте көз жумганы. Мурун «апам болгондо окуп, жаш кезимден артист болот элем» деп ойлочумун. Азыр болсо биздин жакшылыктарыбызды, жакшы күндөрүбүздү көрбөй кеткенине арман кылам. Ал эми үй-бүлөм менен, төрт көз түгөл бир дасторкон үстүндө отурганыбыз чоң бакыт.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jamalym
2013-09-23 15:27:12
Маданиятка оз салымынызды кошуп журо бериниз.Чыгармачылык ийгилик сизге
0
elinochka
2013-09-23 16:43:47
Зымырат эже сизди дайыма ийгилик ханышысы коштоп журсун!Талантыныз ташкындай берсин жана уй булонуз менен бар болунуз!Баткен Драма Театрына салымынызды кошуп журо бериниз!!!
0
Chtc
2013-09-27 19:09:16
Эжеге ийгилик!
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА