ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ: «ЫРЫМ ПЛАГИАТ ЭМЕС»

– Салам, Дайыр, жаңы клибиңди алып келип калыпсың?
– Ооба, биринчилерден болуп сиздердин super.kg порталыңыздарга алып келдим. Жаштар бирин-бири эркелеткенде лексикону дагы бир сөзгө байысын деп ырымды «Ананай» деп атагам. Сөзү Жанар Камбаралиеваныкы, обонун «Манас» университетинде иштеген Юсуф деген агай белекке берди. Ырымды плагиат дегендер жаңылышат. Бул клип жылдын эсебинен экинчи эмгегим. Мурункуга караганда буга каражат көп кетти.
– Клип тартууда кандай кызыктар, кыйынчылыктар болду?
– Массовканы тартыш чынында кыйын экен. 20 чакты бийчи кыздарды чогулттук. Кызыгы, окуучуларды тартабыз деп мектепке барганбыз. Байкуш окуучулар киного тартыла тургансып толкунданып алышыптыр. «Клипте 1-2 секунд эле чыгасыңар» десем да болбой сабактары бүткөндөн кийин бизди күтүп турушту, аябай ыраазы болдум. Клибимде 7 жолу формамды алмаштырдым, дагы бешөө кийилбей калды (күлүп).
– Сюжетинде кандай окуя камтылган?
– Дүкөндө кассир, салондо чачтарач, унаа жуучу жайда унаа жуугуч болуп иштеген, көчөдө жөн гана велосипед тээп бараткан кыздардын баарын бир музыка байланыштырат. Болот го, ырды угуп жатып башка көйгөйлөрдү унутуп, музыканын ыргагына сүңгүп кирип кеткен учур. Клиптеги кыздар да ошондой абалда болушат. Менимче, жаштардын табитиндеги, заманбап, жакшы маанай тартуулаган клип болду. Негизи, мен клип тартып жатканда сапатына көп көңүл бөлөм. Буюрса, клиптин режиссёру Нурсултан менен алдыда дагы көп клиптерди тартабыз деген үмүттөмүн.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Мага абдан жагат ырлары и клиптери баары маанилуу... Чыгармачылынызга ийгилик каалайм. Талантынызга таазим. Талантыныз мындан арыда онугуп осо берсин.
Эх Дайыр, Дайыр олло мактанчааксыз да. Бирок азаматсыз аябай эмгектенип жатасыз, эмгегиниз кайтсын демекчимин. А инстага болсо " ананай эле ананай" деп кайра кайра суроотторду жуктодунуз. Мейли эми кубанганыныз билинип турат, ийгилик!!!
Дайыр мурда жонокой сезилчу......
Эмнеге баарын билген супер-инфо ушул маалыматты тактай албай калды тан калдым? клиптин астына кайсы ырды которгонун колдонуучулар жазып деле чыкты эле гл. Элге калп сулйотпйо маалымат бергиле да. атактуу ырчы Рафет эл Роман ырдаган "Ашка инат" деген популярдуу ыр бул, ал ырды турк дуйносу жакшы билет, ж-а туркияда окуган кыргыздар, же Бишкектеги турк окуу жайларында окугандар да жакшы билет ко..не баарын алдайбы ошондо???
Эмнеге баарын билген Супер-инфо ушул маалыматты тактай албай калды тан калдым? Клиптин астына кайсы ырды которгонун колдонуучулар жазып деле чыкты эле. Элге калп сулйотпой маалымат бергиле да. Атактуу ырчы Рафет эл Роман ырдаган "Ашка инат" деген популярдуу ыр бул, ал ырды турк дуйносу жакшы билет, ж-а туркияда окуган кыргыздар, же Бишкектеги турк окуу жайларында окугандар да жакшы билет ко..не баарын алдайбы ошондо???
Jeki, tuura aytasin bul plagiat Dayir Yusuf abisi menen jasaptyr bolgondo da. Je Dayirdin meesi ishtebeit go yrynyn obonu "Aska inat" tiki ekenin
tavsan,сизге кошулам,мен атайын экоонун ырларын угуп кордум.бири-биринен эч кандай айрымасы жок.Дайыр каратып туруп калп айтыпсын.Эми деле кеч эмес,мумкун дагы интервью береттирсин ушул ыр тууралуу.
азаматсыз мазмуну жакшы экен
Кимиси туура айып жатат супер инфо тактаныздарчы чын эле плагиатпы.
Jumurtkadan kyr izdep taba albai kalgansyngar go , kee birleri. "baikuwtar" dese ele basyntkan bolup kalbait da.
Dayirdan minusun alip, turkco irdi irdap berem ai. Sen plagiat kilbasanda, Yusuf abin plagiat kylyp beriptir. Uwundai desen tuura bolmok. Owol yrga okwowup kalyptyr dep ele koi i vse kutulasin
кандай кылып ырдасадагы сонун чыккан казактар деле журбойбу кыргыздын ырларын казакча которуп ырдашып Дайырга чыгармачылык ийгилик иттер уро берет кербен журоберет ар дайым сени ийгилик коштоп журсун супер ырчы Дайыр Исмадияров
Казактар которсо котордук деп айтышууда, авторун жазат алар созсуз, а бул жигит деле обону Рафет Ел Романдыкы деп койсо не болмок..анан каратып туруп клап айтууда, болгондо да Супер-инфого маек беруудо, ошондо гезитти да калпычы кылууда. Ырым плагиат эмес деп айтып жатпайбы танып, демек калпычы!
Которсо котордум деп айтат акылдуу адам сразу эле..ар кайсыны айтып жатат демек, калп айткан жагат!
"Ырымды плагиат дегендер жаңылышат" деген Дайыр мырза түрк ырчысы Юсуф Гунейдин "Аска инат" деген ырын кем-карчы жок кайталаптыр. Өзүм угуп, салыштырып көрдүм. Керек болсо, аранжировкасы да ошол бойдон калыптыр.
Дагы бир калоо-тилек: Дайыр мырза, вокалдан бир аз сабак алсаңыз жакшы болмок.
эми плагиат болсо болуптур главный жакшы ырдаган турчо тушунбогондорго кыргызча которуп ырдаса тушунуп уга беребиз жакшы кайра
life-91,
Сайтка башка сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!