Октябрдын аягында Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүлөт. Бул иш-чарага дүйнөгө аты таанымал жылдыздар келиши күтүлүүдө. Мындай маалыматты Дүйнөлүк банктын координатору, форумду уюштуруу комитетинин мүчөсү Чыңгыз Кочкоров берди. Анын айтымында, аталган форумга Голливуд жылдыздары Бред Питт, Форд Харрисон, теннис жылдызы Роджер Федерер, Япония ханбийкеси, Орусиянын кино жана эстрада жылдыздары чакырылган. Азырынча аталган жылдыздардын эч кимиси бул сунушка так жооп берише элек.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg