Түркиялык «Даңазалуу кылым» сериалынын күйөрмандарын 4-сезондун көрсөтүлүп баштаганы сүйүнтсө, баш каарман Хүрремдин ролун жараткан актриса Мерьем Узерлинин сериалга катышпай калганы өкүнүчтүү кабар болгон. Ошону менен гана токтолбой, чыгармачыл топ жаңы сезондо көп каармандарды алмаштырууда. Мисалы, Хүрремдин уулу Баязиддин ролуна Берк Хакман, Селимдикине Арасу Булуту деген белгилүү түркиялык актёрлор бекитилишкен. Кошумча, сериалда Мевре Болугур аттуу актриса («Кузей Куней» сериалында Зейнептин ролун аткарган) да роль жаратат, азырынча анын кимдин ордуна келери же кайсы образды ачып бере тургандыгы ачык айтыла элек.
Ал эми учурда Германияда жашап жаткан актриса Мерьем Узерли кош бойлуу, кыз күтүп жаткан чагы. Сүйүктүүсүнөн кол үзүп, депрессиядан араң чыккан актриса капаланып отуруп калбай, учурда атактуу ырчы Таркандын клибине тартылганга үлгүрдү.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg