Жаш бийчи Жан Воинов Лос-Анжелеске көчүп барып, көп ийгиликтерди багындырып жатканын айтат.
– Салам, Жан! АКШнын MTV телеканалында көрсөтүлгөн «Улут аралык хип-хоп» долбоорундагы жеңишиң тууралуу айта кетсең...
– Ооба, бул сынак мен үчүн чоң тажрыйба болду. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген профессионал бийчилер менен күч сынашып, бийдин поппинг түрү боюнча 2-орунду багындыруу мен үчүн чоң сыймык.
– Азыркы учурда эмне менен алексиң?
– Бир нече ай мурда Лос-Анжелеске көчүп баргам. Азыр Голливуддагы мектепте билим алып жатам. Кошумча иштеп, анан атактуу бийчи Адам Севани, ырчы жана актриса Элисон Стоунер менен биргеликте машыгып жүрөм. Буюрса, эмки жылы Голливуддук актёрлор академиясына тапшырсам дейм. Ал үчүн англис тилин мыкты өздөштүрүү керек. Азыр ушул иштер менен алекмин.
– АКШдагы атактуу MSA агенттиги менен да келишим түзгөндүгүңдү уктук...
– Ооба, буюрса, мындан кийин күнүмдүк жашоомдун баарын ошол агенттик чечет. Ал агенттик бир нече белгилүү актёр, ырчыларды чыгарган. Чынында, Америкада аларсыз эч нерсеге жетише албайсың. Мындан ары жарнамага тартыламбы, тасмагабы баары ушул агенттик аркылуу чечилмей болду.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg