ТОКМОКТО ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 АЙЫМ КАЗА ТАПТЫ

22-сентябрь күнү болжол менен саат 20:40 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бир адам каза болгонун Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, Тойота Эстима автоунаасынын 31 жаштагы айдоочусу жолдон бир аялды сүзүп кеткен. Каза болгон жаран Ысык-Ата районунун 45 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Учурда автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан