Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоо фактысына шектүү жаран кармалды. 2013-жылдын 22-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине 21 жаштагы Б.А. аттуу айым Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз эркек күч колдонуп зордуктап салганын айтып арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү Панфилов районунун 24 жаштагы тургуну М.А. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg