Борбор калаабыздагы карапайым калктын көйгөйлөрүнүн бири – көчөлөрдөгү тыгындар. Тыгындын пайда болушуна, албетте, унаалардын көптүгү, айдоочулардын же жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузгандыгы, жол чырактарынын иштебей калуусу жана Бишкектеги айрым бир чоң көчөлөрдүн оңдолуп жаткандыгы себеп. Мисалга алсак, азыркы тапта баш калаабыздагы ири А.Сүйөркулов (Б.Юнусалиев көчөсүнөн А.Малдыбаев көчөсүнө чейин оңдолууда), Анкара (Шабдан баатыр көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейин оңдолууда) жана башка көчөлөр оңдолуп жаткандыгына байланыштуу жабык. Тыгынды азайтуу, каттамдардын ыңгайлуу болушу үчүн Түштүк магистралы (А.Токомбаев-Д.Садырбаев (мурунку Бах)-Б.Алыкулов-Дэн Сяопин көчөлөрү) курулууда. Ошол себептен шаар тургундарынын көпчүлүгү «Жабылган жолдор качан ачылат, Түштүк магистралы качан бүтөт?» деген суроолорго кызыкдар болуп жаткан чыгар. Биз так ушул суроолорубузга жооп алуу үчүн Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаевага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бишкек шаарынын оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрү жакын арада ачыла тургандыгын жол куруучулар убада кылышкан. Айрымдарын айтсак, А.Сүйөркулов көчөсү октябрь айынын башында бүткөрүлөт. Анкара көчөсү 15-октябрга чейин толук оңдолуп, ачылышы күтүлүүдө. Мындан тышкары Гагарин көчөсү, Түштүк магистралы да октябрь айынын ортосуна чейин аяктайт.
Адатта бизде куру убада менен калкты «сугарып» коюшчу эле. Жол оңдоочулар «күзүндө жабылган көчөлөр ачылат» деп көптөн бери убада кылып келишет. Күттүк, күз келди. Эми жабылган көчөлөрүбүз белгиленген убакытта ачылабы же белгисиз себептер менен узарып, шаар тургундары шаарды айланып жүрө беришеби? Дагы күтө туралы...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg