Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ТАГДЫР ОЮНУ-3

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж


(Башталышы өткөн сандарда)

Ооруканада Талгаттын жанында эмне кыларымды билбей отурам. Ал болсо менден көзүн албайт. Мындайда бир нерсе деп жооткото да албайт экенсиң. Бардык күнөөмдү мойнума илип алып шылкыйып отурдум. Баарынан оору, мунун баары менин айымдан болуп жатканы эле.
– Данек, сенде күнөө жок, өзүңдү кыйнай бербе,- деди Талгат менин оюмду билип тургандай.
– Кечирип кой, мен мындай болорун билген эмесмин.
– Кыйналба, бул биздин, Аскат экөөбүздүн ортобуздагы иш.
Ал ушул сөздөрдү айтты да, дарынын таасириненби, уктап кетти. Ошентип, эки оттун ортосунда калдым. Эми Аскат менден беш кадам калбай ээрчип алганды адат кылды. Кайда барсам да жанымда пайда болот. Талгат да ага жол бере турган эмес. Экөөнүн тымызын тиреши кандай бүтөрүн билбей менин башым маң. Баарынан да экөөнүн кимиси менен кетеримди билбейм, сабактан кийин. Аскат мени сыртта күтүп отурганын билем, бирок Талгатты да таштап кетип калуу уят. Бирок мындай тиреште дайым Аскат жеңип чыгат. Түз эле келип колдон алат да, Талгатты эч нерсе дедирте койбой алып кетет. Бети жок Данек буга сүйүнүп алганын айт.
Ушинтип күндөр өтүп жатты. Тез эле май айы келип, Аскат мектепти бүтүрө турган күн келди. Анын мектепти бүтүрүп жатышы биздин мектепке майрам болду деп айтсам жаңылышпайт болсом керек. Анткени мугалимдердин баарын Аскат чарчатып бүткөн. Коштошуу кечесинде биз таптакыр күтпөгөн сюрприз болду!
Салтанаттуу бөлүгү бүтүп, баары бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатышат. Оо, бул күнү биздин балакай кеченин гүлү болду. Капкара костюму өзүнө жарашып, артка тараган чачы жылтырап, тим эле Голливуддун актёрлорун артка таштачудай. Ар дайым жынсы кийип, мотоциклин айдап жүргөн образына мен эле эмес, мугалимдер да көнүп калышкан экен, аны таң кала тиктеп жатышты. Жадырап маанайы да сонун. Кыздардын көздөрү күйүп жатканын байкап турдум. Турам эрдимди тиштеп же барып куттуктай албай, же басып кете албай. Тыбырчылап турсам Аскат өзү келди.
– Мага гүл алып келбедиңби?- деди ал тамашалай.
– Сага гүлдөр бүгүн жетишерлик берилет деп ойлодум.
– А мен сеникин күтүп жатса...
Аскат жакындай берди. Саамай чачымды сылап, акырын шыбырады.
– Сеникин өзгөчө күткөм!
Илеби ысык эле, жүзүмдү өрттөп өттү. Ошол учурда дагы бир нерсе деп айта турган болуп келе жатып жарым сөзүнөн токтоп, алысты тиктеген боюнча катып калды. Ал караган жакты тиктеп алып мен дагы дел боло түштүм. Көгүлтүр көйнөк кийген сулуу аял Аскатты мээримдүү тиктеп турган экен. Бул Аскаттын апасы Бегимай эле. Узун мойну койкоюп, түптүз баскан, узун бойлуу, периштедей сулуу аял бизге келе жатты. Оозумду ачып эле калыптырмын.
– Апа?!
– Уулум, куттуктайм!
Кучакташып калышты. Мен алыс турган менен, экөөнүн дирилдеген ийиндеринен ыйлап жатышкандарын туйдум. Экөө эч кимге көңүл бурбай жетелеше мектептин короосунан чыгып баратышты. Аскат эч кимге карабады, топтошкон досторуна да, жалдырай ээрчиген кыздардын көз карашына да, атүгүл бечара Данекке да карабады. Тек апасын кучактап алып узап бара жатты. Бул күн анын апасыныкы эле. Аны эч кимибиз тартып алганга акыбыз жок болчу. А түгүл атам...
– Аскат кана?- деди ал кирип барарым менен эле.
Унутуп калган экем, атам Аскатка өзгөчө белек даярдап, машина сатып алып койгон эле. Үйдө дасторкон да жасалып жатыптыр. Атамдын сүйүнүчтүү жүзүнөн көзүмдү албай калдым.
– Ал... ал...- дедим туттугуп.
– Кызым?!
– Аскат апасы менен кетти.
– Кайсы апасы, кандайча апасы?..
– Өзүнүн апасы да, ата, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатканбыз. Апасы келди, Аскат экөө чыгып кетишти, телефонуна чалсам өчүк.
– Эч нерсе деген жокпу Аскат?
– Жок, апасын ээрчитип чыгып кетти.
Атам өзү токтоо адам, бирок жини келгенде андан жакшылык күтүүгө болбойт. Бул жолу жинденген жок, көзүндө түшүнүксүз учкун пайда болду да, көз ирмемде кайра өчтү. Тирелип турган дасторконду да, апамды да карабай эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Канчалык ата-энем менден өткөн тарыхын жашырса да, бир чындыкты билер элем. Атам бактысыз болчу!
Көз ирмебей Аскатты күтүп жатып уктап кетиптирмин. Бир кезде атамдын кыйкырып жаткан үнүнөн чочуп ойгондум. Биздин үйдө мындай кыйкырык, уруш дегеле болчу эмес. Ордумдан туруп, кулагымды түрүп калдым.
– Жетишет, мен дагы аялмын, мага да сүйүү керек, Азирет!- деп жатты апамдын буулуккан үнү.
– Сени мен эч качан кармаган эмесмин. Азыр дагы кармабайм. Сага эч кандай убада да берген эмесмин, сен баарын башында билгенсиң, өз тагдырыңды өзүң тандадың. Мен ушундаймын, өзгөрүлө албайм, Алина.
– Ал эмнеге келди? Сен жолуктуңбу? Качан келди?
Апам өзүн жогото кыйкырып жатты. Атамдын айтканына да, башкасына да болбоду.
– Жок! Жок! Жок! Канча жолу кайталап айттым, мен көргөн жокмун.
Атамдын сабыры таптакыр түгөндү бейм, кайрадан эшик карс жабылып, анын сыртка чыгып кеткенин билдим. Апамдын мууна бышактаган ыйын угуп жатып уктап кеттим. Эртең менен кимдир бирөөнүн муздак алаканы чекемден сылаганынан улам ойгондум. Аскат экен, жылмая тиктеп туруптур. Байкушумдун жылмайганы бул жолу муңайганга окшоп турду.
– Уйкучу, сени жарым сааттан бери тиктеп турам, сезбей жыргап уктап жаттың. Чыдамым түгөнүп ойготуп алдым.
– Аскат, атам...
– Чүш, кечээ сен мага гүл алып келбедиң, бирок мен сага гүл алып келдим.
Мына сага, керебетимдин аягында розалар жайнап жаткан экен.
– Биздин розалар...
– Короодон алдым, бирок эмгек кылдым, ар бирин кесип жатканымда колумду тикенекке тилдирип да алдым.
– Биздин розалар...- дедим мен көзүмө сүйүнүчтүн жашы толуп.
Биздин дегеним, бул розаларды Аскат экөөбүз отургузган элек. Түпкү маанисинде мен Аскат экөөбүзгө гана таандык нерсени айтайын деген элем. Ким билет, анын маанисин түшүндүбү же түшүнгөн жокпу, бирок эркелете чачымды уйпалап, мээримдүү тиктеп турду. Мунун көздөрү эмне дейт? Жүрөгүмдү сууруп алайын дейт го. Ушул учурда мен Аскаттын көздөрү өмүр бою мени эркелете тиктеп турса деп тиледим.
– Данек, кечирип кой, апам менен болушум керек эле. Ал бүгүн кайра учуп кетти.
– Кайда болдуңар?
– Таятамдыкында. Экөөбүз таң агарганча сүйлөштүк. Апам экөөбүз убакытты ушунчалык баалайбыз. Анткени экөөбүздүн бири-бирибизге арнаган убактыбыз аз. Бүгүн кайра кайтты.
– Сенин жаныңда бир аз болсо болбойт беле?
– Мен каалабадым. Анын өз уясы бар эмеспи, кеткени дурус.
Аскат эки ийини түшүп, ындыны өчүп туруп ушуларды айтты. Мен ордумдан обдула калып көкүрөгүнө жыгылдым.
– Мен сени эч качан таштабайм!
– Билем.
Анын кучагындай жайлуу жайды өмүрүмдө таппасам керек. Ушул үндөр азыр да кулагымда. Эмнеге ошентип айттым экен? Чын эле, балким, өз эркимде болсо мен аны эч качан таштабайт элем...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
Комментарийлер(37)
30.09.2013. 11:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
04-12-2012
Соӊку аракети:
22-04-2016 21:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Телевизордо сериал коруп олтургандай болдум! Бирок бат эле бутуп калды!
30.09.2013. 11:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-08-2013
Соӊку аракети:
06-09-2014 12:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин сабырым тугонуп баратат аягы кандай болоор экен??????
30.09.2013. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-08-2013
Соӊку аракети:
02-01-2018 15:38
Жынысы:
Белгисиз
0
билбедим,ар узундудо ар башка жоромолго жетеленесин.Эми эмне болоор экен?суйгон эки журок,айрылуунун азабын тартышат сыягы..
30.09.2013. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 04:18
Жынысы:
Белгисиз
0
kuzuktyy jerine kelip butup kaldy goo,,kachan bir jumaaaa....
30.09.2013. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
21-11-2018 00:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
биздин режисорлор ушул чыгармага сериал тартса эн сонун болмок.
30.09.2013. 13:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-04-2013
Соӊку аракети:
06-04-2016 20:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагы корейский дорама болуп кеттиго.
30.09.2013. 14:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
11-06-2014 12:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Chygarmany jazgan adamdy korgum bar....
30.09.2013. 14:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
11-06-2014 12:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul chygarmaga kino tartsa nobeldi alchuday eken ..
30.09.2013. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
302
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
14-06-2018 17:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar bir bolumundo ar kyl chieleniwken okuialarga wirelgen chygarma.
30.09.2013. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
12-06-2018 03:32
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуусуно жетпей калат го Данек байкуш
30.09.2013. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
20-04-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 00:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаштардын шаары Жалал абад
0
жагааааааааааааааааат
30.09.2013. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
16-08-2013
Соӊку аракети:
11-11-2017 12:53
Жынысы:
Белгисиз
0
армандуу суйууу ай...чыдамым кетип атат....аягы кандай бутоор экен.... Муну корейлер киносун тартып ийелекте биз тартышыбыз керек.....
30.09.2013. 20:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-12-2011
Соӊку аракети:
31-08-2015 13:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуу дагы кутуу
30.09.2013. 22:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
02-07-2015 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Суф дегенде отуп кетсин бир жума
30.09.2013. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
16-10-2018 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
Кинонун ичинде жургонсуп окуп жатам мынча кызыктуу жазган Данек менен Аскатты суйуп калдым
30.09.2013. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сүлүктү
0
Кандай сонун чыгарма:-|
30.09.2013. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
16-03-2013
Соӊку аракети:
13-03-2018 16:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
menin ele tagdyrymdy jazgandai
01.10.2013. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
0
Автор дагы нени баштадын деги биро жарымы бактылуу болобу же жокбу?
01.10.2013. 01:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
10-03-2015 18:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ноокен району. ТАШТАК айылы.
0
„Тагдыр оюну-3” менен ооруп калдымгоооо:-(
01.10.2013. 02:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
25-04-2012
Соӊку аракети:
10-09-2018 14:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Узген.
0
Emi tawtap koiso ele askatty,
01.10.2013. 13:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-07-2013
Соӊку аракети:
06-11-2014 12:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу,ыйык махабат,аруу таза сезимдер!суйуу деген кандай гана керемет!
01.10.2013. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
16-04-2013
Соӊку аракети:
22-10-2018 11:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйык" Кааба "Медине.
0
Эх дагы кутуу.
01.10.2013. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
02-03-2018 07:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскаттын Данеке болгон суйуусу таза тунук экоо бирге болушса экен
02.10.2013. 20:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
22-05-2016 09:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт уйу (дом счастье).
0
кутуу чыдамым кетип баратат
03.10.2013. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-04-2013
Соӊку аракети:
09-10-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин... Суйууго айла жок экенго!
03.10.2013. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
30-05-2018 18:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Кок-жар
0
саламатсыздарбы Супер-инфо мен мурунку Бегимайдын жашоосундагы Аскатты сагындым ,неге ал олуп калат мен ушул мезгилге чейин ишене албайм ал мен учун тируу жургондой бирок мен аны ушунчалык сагындым билбейм ал кайда ал бар адамбы же жок адамбы бирок мен аны ушун чыгарма аркылуу тааныдым ушул чыгарма аркылуу суйуп калдым мен аны ойлобогон кунум болбойт негедир аны мен адамдардын арасынан издей берем кочодон коргон бардык жигитерди ушулббу же булбу деп таппай келем!
03.10.2013. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
30-05-2018 18:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Кок-жар
0
суранам супер инфо мага ушул чыгарманы акырын кандай болот? аскат кайда мени кыйналып кетим кечке ойлоно берип озум бир аз оруймун мага ойлонгонго мункун эмес экенин билсемда айла жок бул чыгарма мен ушунчалык кыйнады Аскат деген ат уксам эле ал кандай адам экен деп кызыгам бирок кором ал башка бул чыгармадагы Аскат эмес ! кайдан табам мен Аскаты ?! мен сени сагындым АСКАТ!!!
06.10.2013. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
15-08-2012
Соӊку аракети:
20-11-2018 15:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где моя Звезда.
0
bakythka, menin jigitimdin aty da Askat ,chyn ele aikol,booruker jana abdan ele kok muwtum)))
03.10.2013. 19:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
05-12-2012
Соӊку аракети:
13-06-2016 17:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
.
0
bakythka,Тооба кылдым бул жөн гана чыгырма! Чыгарма эже.
06.10.2013. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
15-08-2012
Соӊку аракети:
20-11-2018 15:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где моя Звезда.
0
pohodu Askat kaira ele olot anan Danek mn birge bolboi kalat
07.10.2013. 01:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
18-09-2013
Соӊку аракети:
23-12-2013 20:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкы болугун кайсыл жактан тапса болот айтып койгулачы?
07.10.2013. 10:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2110
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Balkon2013,
Саламатсызбы! Жогоруда сериалдын астында баардык бөлүгү көрсөтүлүп турат)).
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: