(Башталышы өткөн сандарда)
Ооруканада Талгаттын жанында эмне кыларымды билбей отурам. Ал болсо менден көзүн албайт. Мындайда бир нерсе деп жооткото да албайт экенсиң. Бардык күнөөмдү мойнума илип алып шылкыйып отурдум. Баарынан оору, мунун баары менин айымдан болуп жатканы эле.
– Данек, сенде күнөө жок, өзүңдү кыйнай бербе,- деди Талгат менин оюмду билип тургандай.
– Кечирип кой, мен мындай болорун билген эмесмин.
– Кыйналба, бул биздин, Аскат экөөбүздүн ортобуздагы иш.
Ал ушул сөздөрдү айтты да, дарынын таасириненби, уктап кетти. Ошентип, эки оттун ортосунда калдым. Эми Аскат менден беш кадам калбай ээрчип алганды адат кылды. Кайда барсам да жанымда пайда болот. Талгат да ага жол бере турган эмес. Экөөнүн тымызын тиреши кандай бүтөрүн билбей менин башым маң. Баарынан да экөөнүн кимиси менен кетеримди билбейм, сабактан кийин. Аскат мени сыртта күтүп отурганын билем, бирок Талгатты да таштап кетип калуу уят. Бирок мындай тиреште дайым Аскат жеңип чыгат. Түз эле келип колдон алат да, Талгатты эч нерсе дедирте койбой алып кетет. Бети жок Данек буга сүйүнүп алганын айт.
Ушинтип күндөр өтүп жатты. Тез эле май айы келип, Аскат мектепти бүтүрө турган күн келди. Анын мектепти бүтүрүп жатышы биздин мектепке майрам болду деп айтсам жаңылышпайт болсом керек. Анткени мугалимдердин баарын Аскат чарчатып бүткөн. Коштошуу кечесинде биз таптакыр күтпөгөн сюрприз болду!
Салтанаттуу бөлүгү бүтүп, баары бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатышат. Оо, бул күнү биздин балакай кеченин гүлү болду. Капкара костюму өзүнө жарашып, артка тараган чачы жылтырап, тим эле Голливуддун актёрлорун артка таштачудай. Ар дайым жынсы кийип, мотоциклин айдап жүргөн образына мен эле эмес, мугалимдер да көнүп калышкан экен, аны таң кала тиктеп жатышты. Жадырап маанайы да сонун. Кыздардын көздөрү күйүп жатканын байкап турдум. Турам эрдимди тиштеп же барып куттуктай албай, же басып кете албай. Тыбырчылап турсам Аскат өзү келди.
– Мага гүл алып келбедиңби?- деди ал тамашалай.
– Сага гүлдөр бүгүн жетишерлик берилет деп ойлодум.
– А мен сеникин күтүп жатса...
Аскат жакындай берди. Саамай чачымды сылап, акырын шыбырады.
– Сеникин өзгөчө күткөм!
Илеби ысык эле, жүзүмдү өрттөп өттү. Ошол учурда дагы бир нерсе деп айта турган болуп келе жатып жарым сөзүнөн токтоп, алысты тиктеген боюнча катып калды. Ал караган жакты тиктеп алып мен дагы дел боло түштүм. Көгүлтүр көйнөк кийген сулуу аял Аскатты мээримдүү тиктеп турган экен. Бул Аскаттын апасы Бегимай эле. Узун мойну койкоюп, түптүз баскан, узун бойлуу, периштедей сулуу аял бизге келе жатты. Оозумду ачып эле калыптырмын.
– Апа?!
– Уулум, куттуктайм!
Кучакташып калышты. Мен алыс турган менен, экөөнүн дирилдеген ийиндеринен ыйлап жатышкандарын туйдум. Экөө эч кимге көңүл бурбай жетелеше мектептин короосунан чыгып баратышты. Аскат эч кимге карабады, топтошкон досторуна да, жалдырай ээрчиген кыздардын көз карашына да, атүгүл бечара Данекке да карабады. Тек апасын кучактап алып узап бара жатты. Бул күн анын апасыныкы эле. Аны эч кимибиз тартып алганга акыбыз жок болчу. А түгүл атам...
– Аскат кана?- деди ал кирип барарым менен эле.
Унутуп калган экем, атам Аскатка өзгөчө белек даярдап, машина сатып алып койгон эле. Үйдө дасторкон да жасалып жатыптыр. Атамдын сүйүнүчтүү жүзүнөн көзүмдү албай калдым.
– Ал... ал...- дедим туттугуп.
– Кызым?!
– Аскат апасы менен кетти.
– Кайсы апасы, кандайча апасы?..
– Өзүнүн апасы да, ата, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатканбыз. Апасы келди, Аскат экөө чыгып кетишти, телефонуна чалсам өчүк.
– Эч нерсе деген жокпу Аскат?
– Жок, апасын ээрчитип чыгып кетти.
Атам өзү токтоо адам, бирок жини келгенде андан жакшылык күтүүгө болбойт. Бул жолу жинденген жок, көзүндө түшүнүксүз учкун пайда болду да, көз ирмемде кайра өчтү. Тирелип турган дасторконду да, апамды да карабай эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Канчалык ата-энем менден өткөн тарыхын жашырса да, бир чындыкты билер элем. Атам бактысыз болчу!
Көз ирмебей Аскатты күтүп жатып уктап кетиптирмин. Бир кезде атамдын кыйкырып жаткан үнүнөн чочуп ойгондум. Биздин үйдө мындай кыйкырык, уруш дегеле болчу эмес. Ордумдан туруп, кулагымды түрүп калдым.
– Жетишет, мен дагы аялмын, мага да сүйүү керек, Азирет!- деп жатты апамдын буулуккан үнү.
– Сени мен эч качан кармаган эмесмин. Азыр дагы кармабайм. Сага эч кандай убада да берген эмесмин, сен баарын башында билгенсиң, өз тагдырыңды өзүң тандадың. Мен ушундаймын, өзгөрүлө албайм, Алина.
– Ал эмнеге келди? Сен жолуктуңбу? Качан келди?
Апам өзүн жогото кыйкырып жатты. Атамдын айтканына да, башкасына да болбоду.
– Жок! Жок! Жок! Канча жолу кайталап айттым, мен көргөн жокмун.
Атамдын сабыры таптакыр түгөндү бейм, кайрадан эшик карс жабылып, анын сыртка чыгып кеткенин билдим. Апамдын мууна бышактаган ыйын угуп жатып уктап кеттим. Эртең менен кимдир бирөөнүн муздак алаканы чекемден сылаганынан улам ойгондум. Аскат экен, жылмая тиктеп туруптур. Байкушумдун жылмайганы бул жолу муңайганга окшоп турду.
– Уйкучу, сени жарым сааттан бери тиктеп турам, сезбей жыргап уктап жаттың. Чыдамым түгөнүп ойготуп алдым.
– Аскат, атам...
– Чүш, кечээ сен мага гүл алып келбедиң, бирок мен сага гүл алып келдим.
Мына сага, керебетимдин аягында розалар жайнап жаткан экен.
– Биздин розалар...
– Короодон алдым, бирок эмгек кылдым, ар бирин кесип жатканымда колумду тикенекке тилдирип да алдым.
– Биздин розалар...- дедим мен көзүмө сүйүнүчтүн жашы толуп.
Биздин дегеним, бул розаларды Аскат экөөбүз отургузган элек. Түпкү маанисинде мен Аскат экөөбүзгө гана таандык нерсени айтайын деген элем. Ким билет, анын маанисин түшүндүбү же түшүнгөн жокпу, бирок эркелете чачымды уйпалап, мээримдүү тиктеп турду. Мунун көздөрү эмне дейт? Жүрөгүмдү сууруп алайын дейт го. Ушул учурда мен Аскаттын көздөрү өмүр бою мени эркелете тиктеп турса деп тиледим.
– Данек, кечирип кой, апам менен болушум керек эле. Ал бүгүн кайра учуп кетти.
– Кайда болдуңар?
– Таятамдыкында. Экөөбүз таң агарганча сүйлөштүк. Апам экөөбүз убакытты ушунчалык баалайбыз. Анткени экөөбүздүн бири-бирибизге арнаган убактыбыз аз. Бүгүн кайра кайтты.
– Сенин жаныңда бир аз болсо болбойт беле?
– Мен каалабадым. Анын өз уясы бар эмеспи, кеткени дурус.
Аскат эки ийини түшүп, ындыны өчүп туруп ушуларды айтты. Мен ордумдан обдула калып көкүрөгүнө жыгылдым.
– Мен сени эч качан таштабайм!
– Билем.
Анын кучагындай жайлуу жайды өмүрүмдө таппасам керек. Ушул үндөр азыр да кулагымда. Эмнеге ошентип айттым экен? Чын эле, балким, өз эркимде болсо мен аны эч качан таштабайт элем...
(Уландысы кийинки санда)