ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-сентябрдан 6-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жаралган маселени чечүүгө чара көрбөй кол шилтеп койбоңуз. Ушундан улам жеке жашооңуздун нугу төмөн карай бурулуп кетиши мүмкүн. Андыктан маселени колго алыңыз. Ал эми иш жаатындагы чечимдерди кийинкиге калтырганыңыз оң. Антпесе капчыгыңызга да терс таасирин тийгизет. Апта соңунда сезим отуна курчаласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ички туюмга ишенбей, акыл менен иш кылыңыз. Болбосо чоң катачылык кетирип, өкүнүп каласыз. Адамдар менен тил табышуу көздөгөн максатыңызга жетүүдө кадамыңыздын арбышына өбөлгө болот. Кимдир бирөө пайда табуу үчүн сунуш киргизсе, баш тартыңыз. Ал сиз үчүн салынган тузак болуп калышы мүмкүн. Аптанын акыркы күндөрү жолугушуулар менен өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Энергияңыз мол болуп, көп иштерди бүтүрөсүз. Аны менен катар келечектеги пландарды ишке ашырууга жана жакындарыңыздын биринин маселесин чечип берүүгө жетишесиз. Жеке мамиледе таарынышып кеткен адамдар менен алака кайрадан жанданат. Ал эми айрымдар жүрөгүнө жылуулук тартуулаган адамына кезигет. Эс алуу күндөрү үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Күтүүсүз окуя жашооңузду жаңы нукка бурат. Бирок мүмкүнчүлүктү өз убагында кармап калбасаңыз, жандап өтүп кетет. Жаңы иш баштайм дегендер кескин чечим кабыл алууга шашпай турганы оң. Андыктан дагы ойлонуп көрүңүз. Каржы жаатына келсек, карызы барлар улагадан доочулардын келишин күтө берсе болот. Дем алыш күндөрүн ден соолукка кам көрүүгө арнаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумушуңузда жетекчилик менен уруш-талаш болуп кетиши мүмкүн. Ачууга алдырбай, сабырдуу болуу зарыл. Каржы маселесинде шашылбай ишке өтүңүз. Болбосо алдамчылардын тузагына илинип каласыз. Апта ортосунда жолугушуулар болуп өтөт. Кээ бирлер иш боюнча маселени талкууга алса, кээ бирлер романтикалуу кечте жагымдуу эс алышат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада каржылык абалыңыз чыңдалып, эңсеп келген кыялыңызды орундатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми жеке мамилеге токтолсок, маанайды түшүрө турган сүйлөшүүлөр орун алат. Бирок капаланбаңыз, апта ортосунда жагымдуу жолугушууга туш болосуз. Ал эми аптанын акыркы күндөрү этият болуңуз. Денеңизге зыян келтирип алуу коркунучу жогору.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эң керектүү буюм же документиңизди жоготуп алууңуз мүмкүн. Андыктан жеке буюмдарыңызга сак болуңуз. Шаршембиде жолдо жүрүүдө эрежени бузбаганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестик жаралат. Апта аягында бардык түйшүктөр артта калып, жайдары эс алууга шарт түзүлөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жеке жашооңузга байланышкан маселени чечүүнү кийинкиге жылдырыңыз. Шашылыш аракет көрүүнүн арты өкүнүч менен аяктап калышы мүмкүн. Сезимдер жаатында капыстан козголгон мамиледен сак болуңуз. Үй-бүлөңүздүн урап калышына алып келет. Апта соңун утурлай үйүңүздүн оңдоп-түзөө иштерине киришесиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көптөн күткөн планыңызды ишке ашырууга шарт түзүлөт. Бул аптада акчаңызга сак болбосоңуз, уурдатып же жоготуп жиберүүңүз мүмкүн. Шаршембиде алыс сапарга аттанууңуз ыктымал. Жума күнү жагымдуу кабардын ээси болосуз. Кийинки аптада маселе жаратпасын десеңиз, бүтпөй калган иштерди дем алышта соңуна чыгарууга күч жумшаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Талаштуу маселени чечүүдө өзүмчүлдүккө алдырбай, башкалар менен эсептешсеңиз, максатыңызга жете аласыз. Апта ортосунда тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар. Этият болуңуз. Ошондой эле коңшулар менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында бойдокчулук доорун сүргөндөр жүрөк туйлаткан сезимге туш болушат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Белгиленген иштин бирин бүтүрүп, анан кийинкисине өтүңүз. Болбосо эки тоонун чөбүн эңсеген эчкинин кейпин кийип каласыз. Көздөгөн иштин соңуна чыгуу үчүн акча маселесине такалышыңыз мүмкүн. Бирок аны чечүүгө тааныштарыңыз тартылып, жардам беришет. Сүйүүгө келсек, өчкөн сезимдер кайра тутанып, жашооңузда өзгөрүү орун алат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада маанилүү документти жоготуп жиберип, чоң суммадагы акчага чыгым болушуңуз ыктымал. Андыктан сак болуңуз. Ал эми үй-бүлөдө чыр-чатак болушу күтүлөт. «Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө» дегендей, чырдын негизги себеби жөнөкөй эле бир сөз болуп калышы мүмкүн. Ишиңизде, тескерисинче, маанайыңыз көтөрүлүп, ийгилик коштойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан