ТАЛАСТЫКТАР ЖАҢЫ КОМБАЙНДУУ БОЛУШАТ

Талас районунун Арал айылынын тургундары жаңы комбайндуу болушат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Абдылдаев билдирди. Тоо кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан «Коперголд» алтын кен чалгындоо компаниясы аталган айыл өкмөткө социалдык жардам катары
4 миллион 192 миң сом которуп берген. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары бул акчага айыл эли үчүн дан эгиндерин оруп, жыйноочу комбайн сатып алууну чечишти. «Анткени айылдын фермерлери жыл сайын комбайндын жетишсиздигинен кыйналып келишкен, биз үчүн өтө чоң жардам болуп жатат»,- деп билдирди Абдылдаев.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан