БАБАНОВ АТЫНДАГЫ ЛИЦЕЙ 10 ЖАШТА

Өткөн аптада Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында Токтогул Бабанов атындагы лицейдин 10 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Роза Акназарова, Кенжебек Бокоев, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Токтогул Бабановдун замандаштары, ошондой эле педагогикалык жана окуучулар жамааты катышышты. Мындан тышкары Токтогул Бабановдун уулу Өмүрбек Бабанов да катышып, өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып, белектерин тапшырды.
Белгилей кетсек, Токтогул Бабанов СССРдин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырымынын депутаты болгон.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aybek777
2013-10-02 16:20:36
ммм Аккан арыктан суу агат деген соз чын экенда.
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан