ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН КЫЙЫЛГАН ӨМҮР

Өткөн айдын соңунда, тактап айтканда, 24-августтан 25-августка караган түнү Талас районунун Кара-Дөбө айылында каргашалуу окуя болду. 20 жаштагы жигит таанышын бычак сайып өлтүрүп койгон. Өлүмгө алып келген чырдын башы ичкилик экендиги териштирүү учурунда маалым болду.

«БЫЧАКТЫ ЧАРБАККА ЫРГЫТЫП КАЧЫП КЕТКЕН»
Жогоруда аталган кылмыш тууралуу Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги РАВИЛ НИЯЗБЕКОВ буларды билдирди:
– Талас районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы бир үйдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түштү. Аталган даректеги ээн үйдүн ички бөлмөсүндө каза болгон адамдын денеси табылган. Көкүрөк тушуна бычак сайылып, анын натыйжасында каза болгондугу аныкталды. Териштирүү жүргүзүлгөн учурда маркум аталган райондун Кара-Кол айылынын 40 жаштагы тургуну Улан Темесинов болуп чыкты. Ошондой эле кылмыш болгон жерден кан болгон бычак табылып, спирт ичимдиктери ичилгендиги да билинди. Тиешелүү соттук медэкспертизалар дайындалды. Тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, изи сууй электе шектүүлөр аныкталды. Адам өлтүрүүгө шектүү делинип 1993-жылы туулган Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук айылынын Бексултан аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алды.
Бул кылмыштын келип чыгуу себептери ичкиликке барып такалат. Ал эми кылмышкер окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылып, сайган бычагын кошунасынын чарбагына ыргытып качып кеткен.

«ЖҮРӨККӨ ЭКИ ЖОЛУ САЙЫПТЫР»
«Бир заматта эле бир тууганымдан айрылып калдым» деген каза болгон Улан Темесиновдун бир тууган агасы ШАМИЛ ТЕМЕСИНОВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Иним жакын досу экөө Кара-Дөбө айылында чогуу жер иштетишчү. Инимдин сөөгү табылган үй ошол досунуку. Анын үйү бош турганынан «менин үйүмө жашай бер, ансыз деле бош турат» дептир. Ошол жерде убактылуу жашап турган. Ал жердеги жумуштары аяктап калганда экөө көчөгө чыгып, бир аз ичкилик ичишиптир. Мына так ошол күнү Бексултанга жолугуп калыптыр. Менин укканым боюнча, анын деле түбү ушул Таластан. Мурун атасы каза болуп калган соң апасы менен Нарынга, таятасынын колуна кетишиптир. Нарында жүргөндө апасынын да көзү өтүп кетет. Ошентип, бул жигит Нарындан бул жакка келиптир. Келгенине 3 эле ай болгон экен. Ошол күнү иним Бексултанга жолугуп калып, аны өзү жашаган досунун үйүнө алып барып ичкилик ичишет. Ичкиликтен кийин чатакташып кетишкен экен. Инимдин жүрөгүнө эки жолу бычак сайыптыр.
Ал Нарындан бул жакка келсе жөн келген бала эмес го. 25-август күнү эртең менен инимдин досу жумушка чыгалы деп үйүнө барып, бир тууганымдын сөөгүн көрүп, бизге чалды. Мен барган учурда милициядагылар текшерип жатышыптыр. Биз 10 бир тууганбыз. Мен экинчиси, ал төртүнчүсү. 1973-жылы төрөлгөн. Учурда судмедэкспертизанын жыйынтыгын күтүп отурабыз. Күнөөлүү колу менен кылганды мойну менен тартсын! Биз бир тууганыбыздан айрылып кан жутуп отурабыз, ал үчүн ит өлгөндөй деле болгон жок. Болгон күчүмдү жыйып, аракетимди жумшап инимдин өлүмүнө күнөөлүүнү тиешелүү жазасын алдырганга аракет кылам.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shekerbek
2013-10-02 10:20:13
кебетеси суук! атыш керек мындайларды
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан