Кайрат Примбердиев:«БИРИНЧИ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛА АЛГАН ЖОКМУН»

Бир кездерде «Сен дагы мени сагынганда, канатсыз учкуң келеби?» деп ырдап ырчы катары таанылган Кайрат Примбердиев акыркы күндөрү көрүнбөй кетти. Көрсө, ырчы мырзанын турмушунда жаңылануулар болуптур. Ал 15-сентябрь күнү экинчи ирет үйлөнүп, Бишкектеги кафелердин биринде үйлөнүү тоюн өткөрдү. Жашоосундагы кубанычын сүйүнчүлөп, Кайрат жубайы Эльвира экөө бизге жылуу маек куруп беришти.

– Саламатсыңарбы, Кайрат, Эльвира? Куш бооңор бек болсун! Жалпыга күтүүсүз жаңылык болду окшойт, себеби буга чейин сенин ажырашып кеткениңди уккан эмес экенбиз...
Кайрат: – Рахмат. Биринчи турмушумдун бузулганына 3 жылдан өттү. Эми кайрадан үйлөнүп отурам. Жаңылуу адамды дайыма коштоп жүрөт экен. Жаштык кылдыкпы, айтор, үй-бүлөбүздү сактап кала алган жокпуз. Азыр биринчи аялымдан уулум бар. Андан кабар алып турам. Негизи, Айзада экөөбүз урушуп-талашпай, тынч эле эки башка жолго түшкөнбүз. Бирге жашоо буюрбаганын өзүбүз түшүндүк окшойт.
Эльвира экөөбүз ажырашканымдан эки жыл өткөн соң табыштык. Казакстанда кафеде ырдап жүрүп тапкан бактым. Эля да ырчы, экөөбүздүн жумушубуз бир жерде болгондуктан, таанышпай коюуга такыр айлабыз болбоду (күлүп). Минтип тагдырдын буйругу менен башыбызды ыйык нике менен байладык.

– Эльвира, Кайраттын үйлөнүп, ажырашканы сени чочулаткан жокпу?
– Башында, албетте, көпкө ойлондум. Көп убакытка жылуу сөздөрүн арнап, мага жетүүнүн аракетин кылып жүрдү. Канчалык ичимден оюм онго бөлүнбөсүн, акыры Кайраттын өжөрлүгү мени багындырып алды. Балким, биринчи жолу жаңылышты, жашоодо ар кандай жагдайлар болот да. Бирок уулу менен байланышып турушун каалайм. Себеби наристеде күнөө жок. Ата-эненин катасы үчүн баланын кыйналышын каалабайм. Азыр көптөр алардын очогун мени бузду деп ойлоп калышат. Бирок андай эмес, Кайрат ажырашкан кезде экөөбүз тааныш эмес болчубуз.

– Үйлөнүү жөнүндө сунушту качан, кантип киргизди?
– Июль айынын аяк чендеринде. Мен Актауда, Кайрат Ысык-Көлдө болчу. Бир күнү чак түштө эшик тыкылдап калды. Ачсам кичинекей бала турат, ал колундагы чо-оң гүлдестени мага кармата салып чуркап кетти. Аңгыча гүлдүн арасынан бир барак түшүп кетпейби, алып окусам ичинде «Бегалиева Эльвира, мага турмушка чыгасыңбы? Примбердиев Кайрат» деп жазылып турат. Турмуш курабыз деген ойлорубуз бар эле, бирок сунушту мындай жол менен киргизет деп ойлогон эмесмин. Чынында же ыйлай албай, же күлө албай калдым. Анан албетте, ичимден кымыңдап сүйүндүм.

– Кайрат, демек, романтик турбайсыңбы?
– Сүйүү адамды өзгөртөт тура. Эльвиранын баарына күлүп-жайнап мамиле кылганын, үй жумушуна тың экенин, тамакты даамдуу жасаарын көрүп туруп кантип романтик болбой коймок элем? Бир адам жумуш кылып жатса жөн карап отура албайт, шыпылдап жардам берип жибермейи бар. Деги жубайымды таң калтырганды жакшы көрөм. Мага анын каткырып күлгөнү жагат, дайыма күтүүсүз белек берсем ошентип күлөт. Күлкүсүнөн кубат алам.

– Эльвира, Кайраттын кайсы сапатын жактырдың?
– Тамашакөйлүгү жакты. 24 саат бою шайыр, дайыма тамаша таап сүйлөйт. Ар бир көз ирмемде мени күлдүрүүгө умтулат, таарынып калсам да бат эле жазып жиберет. Мындай адамды сүйбөй коюу мүмкүн эмес.

– Келиндик милдетиңди да катыра аткарсаң керек, Кайрат сени аябай мактаганга караганда?
– Колумдан келишинче аракет кылып жатам. Мага кайненемдин кыялы жакты, баарынан. Билбегенимди дайыма кагып-силкпей үйрөтүүгө даяр, мээримин чачып турган аял. Үйдө эки кайним жана кайын сиңдим бар. Алардын бир да жолу катуу сүйлөгөнүн уга элекмин. Баарыбыз ынтымакта жашап жатабыз.

– Кайрат, жубайың экөөң тең ырдайт экенсиңер, кандай жаңылыктарды күтөлү силерден?
– Азыр жеке өзүмдүн ырларым үчүн аранжировка жасап жатам. Албетте, чыгармачылыкка биз чынжыр менен байланып калганбыз. Чоң сахнага кадам таштабаганыма көп болгону менен, микрофон колдон түшө элек. Той-топурга бара коём, кафелерде ырдайм дегендей. Буюрса, сахнага жан шеригим менен кайтып келем деген ойдомун.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Биринчи үй-бүлөмдү сактап кала албадым" дейт Кайрат Примбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
Orbit_bezsahara
2013-10-01 19:45:35
Омойда чачы укмушго.))) Өзгөчө болгусу келгенго. Эмне дебиз эми бактылуу болгула!
0
Beka1986
2013-10-02 13:32:04
Ачык,шайыр жигит экен,тартынуу,сурдоо деген жок,камера дан)))молодец!!!!так держать!!!
0
ayaza
2013-10-02 17:40:48
Келинчеги жакшынакай,жонокой,тушунуктуу адам экен.
0
Seitbek.93
2013-10-03 14:58:18
Бактылуу болсун
0
Eliza83
2013-10-03 15:46:24
Мурдун тартканы-грипп болуп калган го...Тушунсо болот...Окшош экен экоо бири-бирине,окшоштор бактылуу болот дешет го,бактылуу болгула!
0
Aigerimkaa
2013-10-04 04:28:22
Ундору аябай окшош экен
0
admin_media
2013-10-04 11:15:04
Mirbek.83,
Сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз! Дагы кайталанса сайттан четтетилесиз!
0
Oroz102408
2013-10-04 12:46:01
точна Мергенге окшоп калыптыр, бир аз семирип алса Мергендин копиясы болуп калат
0
peri90
2013-10-04 20:16:56
бактылуу болушсун.
0
baktygul91
2013-10-05 10:45:32
Baktyluu bolgula eki jash!
0
Gulzada91
2013-10-05 16:32:06
Чачы озун картан корсотуп коюптур ,полубокс кылып эле алса крацавчик болуп калмак, мейли духун таза болсо болду да бактылуу болосуз!
0
Aby_elli
2013-10-05 16:52:42
Бактылуу болушсун!
0
Aikokul85
2013-10-06 18:28:43
Кармашкан колунар бекем болсун.
0
uty
2013-10-11 09:30:57
Чын эле Кайрат карып кетипсин,чачын мурдагыдай болгону эле жакшыго азыркын карыда корсотот экен,бактылуу болгула кармашкан колунар эч узулбосун
0
Merry
2013-10-15 14:47:39
келинчеги экоо бири-бирине куюп койгондой ооокшош го))) чачы коздун жоосун алат го тим эле))) бактылуу болгула, башка Эмне демекпиз...!
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан