ҮЙ ЭЭСИН ӨЛТҮРҮП, ЧУҢКУРГА ТАШТАШКАН

Мындан бир нече күн мурун Бишкек шаарында коркунучтуу кылмыштын бети ачылды. Жалданып үй курулушунда иштеген усталар үй ээсин өлтүрүп, чуңкурга таштап салышкан.

«АТАМ ДАЙЫНСЫЗ...»
Үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү милицияга 23 жаштагы Казыбек кызы Айсулуу арыз менен кайрылып, 52 жаштагы атасы Казыбек Акунов 17-август күнү Ак-Өргөө жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин билдирген. Арыздануучу атасынын үйүнө келип, бейтааныш аялды жолуктурган. Аял бул батирди 2 жигит бергенин, бир айга 3 миң сом төлөгөнүн, үйдү тазалап, актап, эми гана көчүп киргенин айткан. Дайыма байланышып турган атасынын дайынсыз жоголушу, үйүндө белгисиз бирөөнүн жашашы кызын түпөйүл кылып, бир жамандыктан шек санап милицияга кайрылган.
Ошол эле күнү Ленин РИИБинин кызматкерлери айтылган дарекке барып, дайынсыз жоголгон Казыбек Акуновду издөө иштерин башташкан. Ушул күнү милиция кызматкерлеринин бир күндүк ишин чагылдыруу үчүн материал даярдап жүргөн биздин кабарчыларыбыз да Ленин РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте аталган дарекке барышкан. Анда милиция кызматкерлери үйдүн короосунан шек санагыдай эч нерсе табышкан эмес. Бул факт боюнча издөө иши ачылган.

ЭҢ БАШКЫ ШЕКТҮҮЛӨР – КУРУУЧУЛАР
Алгачкы иликтөөдө дайынсыз жоголгон Казыбек Акунов жубайы менен ажырашып, жалгыз жашаганы, жүк ташуучу автоунаасы менен жүк жеткирип иштээри, мындан бир нече ай мурун үйүнүн дарбазасын жана башка да курулуш иштерин жасатмак болуп эмгек биржасынан 2 жумушчуну жалдап келгени билинет. Эң башкы шек ушул 2 жумушчуга түшүп, милиция кызматкерлеринин оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында 30-август күнү кылмышка шектүү делинип Дилмухаммед аттуу жигит колго түшүрүлгөн. Алгачкы суракта эле ал кылмышын моюнуна алып, окуя кандай болгондугун толугу менен айтып берген. Аны оперативдүү-тергөө тобу кылмыш болгон жерге алып барганда кантип өлтүргөнүн, өлүктү кайда ташташканын көрсөтүп берген. Шектүү көрсөткөн жерди казган учурда мончонун суусу агып кетүүсү үчүн казылган чуңкурдун 2 жарым метр тереңдигинен Казыбектин сөөгү табылган.

ЭЭСИН ӨЛТҮРҮП, ҮЙҮН БАТИРГЕ БЕРИШКЕН
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмыш төмөнкүчө болгон. Усталар менен үй ээсинин ортосунда сүйлөшүү жүрүп баа чечилет да, усталар иштеген акысы үчүн 8 миң сом алмак болушат. Жумушчулардын бири Дилмухаммед үй ээсинен анын үйүндө квартирант катары батирде жашап турууну суранат. Ошентип, Дилмухаммед кош бойлуу келинчеги менен аталган даректе жашап турат.
Курулуш иштери бүткөн кезде жумушчулар үй ээсинен кылган эмгегинин акысын сурап, бирок «күтө тургула, азырынча акчам жок эле» деген жоопту угушат. Казыбек уулу келип, ага велосипед алып бергенин, эми Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келерин, андыктан куруучуларга азыр акча бере албасын айтып түшүндүрөт. Бир нече күндөн кийин Казыбектин үйүнө уулун алып кеткени мурунку аялы келет. Бала атасы белек кылган велосипедди ала кетмекчи болуп, бирок турган жеринен таппай калат. Көрсө, квартирант велосипедди минип бир жакка кеткен экен. Казыбектин уулу айла жок велосипеди жок үйүнө кетет.
Дилмухаммед келген соң велосипеддин айынан уруш чыгат. Үй ээси менен жумушчулар кайра жарашып, кечинде Дилмухаммед арак алып келет да, жарашкандары үчүн ичишет. Бирок ичимдик жараштыргандын ордуна көкүрөктө бугуп турган таарынычтарды кошо чыгарып, ортодо уруш чыгат, мушташа кетишет. Дилмухаммед жакын жерде турган темир түтүктү ала коюп Казыбекти башка чаап жиберет. Ал жыгылып калган соң да ошол эле түтүк менен дагы бир нече ирет башка согот. Катуу соккудан улам үй ээси өлүп калат. Өлтүрүп алгандарын билген соң экөө эмне кылышты билбей, үйдү тегеренип өлүктү жашырып коё турган жер издешет. Акыры мончонун суусу агып кете турган кылып жасалган чуңкурду ылайык көрүп, өлүктү сүйрөп келип ичине башын ылдый каратып салып жиберишет. Анан үстүнө эски кийимдерди, бир нече шлакоблок таштап, кум төгүп коюшат. Экөө «Ош базарына» келип, «батирге үй берилет» деп жарыя беришет да, бир аялды табышат. Андан батирдин акысына 1 айга 3 миң сом алып үйгө киргизип, из жашырышат. Жөн кетпей үйдөгү велосипед, сыналгы, палас сыяктуу буюмдарды ала кетип, кийин сатып жиберишкен.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН ЭКИНЧИСИ КАРМАЛА ЭЛЕК»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору Мырзабек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну Үкүбай уулу Дилмухаммед колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүүнүн экинчисине издөө жарыяланган.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Beka90
2013-09-30 11:13:33
Жаш эле балдаргоо шайтандын суусу эмнелер гана кылбайт!
0
danilka
2013-09-30 12:14:16
Иштеткенден кийин акчасын дагы бериш керекда.
+2
Shekerbek
2013-10-02 10:16:25
danilka, туура иштеткенден кийин акысын оз убагында берсе бул иш да болбой калат беле
0
aruuzat88
2013-10-01 14:50:17
Кудай озу сактасын,адамдар эмне эле болуп бара атышат.
0
malika80
2013-10-03 13:37:23
Адам олтуруу жаштарга оной эле болуп бара жаткандай.
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан