Анжелика. Бул ысым сахнада көп аталбаса да, эл арасында кеңири оозго алынат. Фотосессия учурунда аны тегеректеп калган элди көрүп күйөрмандары арбын экенине ынандык.
«ОМАР СУКТАНА КАРАГАНДА...»
Анжелика 8 жашынан бери чоң сахнада. «Азыр эсептесем, 15 жыл болуптур сахнада жүргөнүмө» дейт ырчы. Андыктан дөңгөлөк үстүндө өткөн жашоосун, кызык күндөрдү төмөнкүчө эскерет:
– Биз гастролдоп жүрүп чыныгы артисттердин жашоосун көрдүк. Анда даяр мейманкана деген жок, үйлөргө конокко барабыз, өзүбүз концерт коюлчу клубдарды жууп-тазалап чыгабыз. Ар кайсы жакка барганда «Я теба лублу» деген каттар, бакчадан үзүлгөн кучак гүлдөр келет.
Кесиптешим, досум Омар азыр көп кызыктарды айтып калат. «Таласка Анжелика келиптир» десе кычырап кийинип клубга барып, тийишчү элек. Бир жолу автобуста менин астымда отуруп алган экенсиң, жеткиче сени суктанып карап келгем» деп күлүп калат. Азыр болсо экөөбүз дос болуп бир сахнада жүрөбүз. Анан да бир нерсе эсимден кетпейт. Анда Гүлмира Рысбаева Динара Акулованын колунда, мен Айчүрөк эже менен элем. Концерттерден көрүшкөн жерде экөөбүз буттан өйдө көздөй бири-бирибизди сынай карап коёбуз. Ал эмне кийип жүрөт, мен эмне кийип жүрөм деген балалык атаандашуу болсо керек.
«МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН АЛА КАЧАБЫЗ ДЕП КЕЛИШКЕН»
Ырчы айымдын турмуш курганына быйыл 7 жылдын жүзү болуптур. Ал аралыкта Анжелика эки кыздын энеси, сүйүктүү жубай жана ишкер айымга айланды.
– Мага сүйүүсүн билдирген мырзалар көп болду. Бирок канчалык «сени сүйөм» деп арзуусун айтса, ошончо кыжырданып, көңүл бурбай койчумун. Эсимде, бир жолу бир жигит көпкө артымдан чуркап жүрүп сүйүүсү жоопсуз болгондо ушундай бир каргап салды (күлүп). «Сен да мендей болуп сүйгөнүңө жетпей кал» десе болобу?!
Бойдок кезимде кыз-жигит болуп деле сүйлөшкөн жокмун балдар менен. Урмат акылдуулук кылыптыр да, мага бир да жактыруу сезимдери бар экенин билдирген эмес. Чочутуп албайын деген го?.. Айылда кошуна болгон үчүн апамды «апче» деп үйгө келип-кетип жүрчү. Акырындан менин болгон сырымды билип алган, анткени ага байке катары сырларымды айтчумун. Концерттерден кийин жеткирип жүрүп, бара-бара жактыруу сезимдерин айтып баштады. Ал кезде башкалар да үйгө куда түшүп келе берип тажатып салышкан. Мектепке чейин ала качабыз деп издеп келгендер болду. Ошондо Урмат «сөйкө салып коё бербейинби, сен каалаган күнү үйлөнөбүз» деп калды. Ал оор басырыктуу, мен үчүн идеалдуу мырза болгондуктан макул болдум. Ошентип сөйкө салгандан тартып кыз-жигит болуп эки айча сүйлөшүп, анан үйлөндүк.
Азыр кыздарыбыз чоңоюп калды. Айыма эмки жылы мектепке барат, чоңоюп, токтолуп калды. Ал эми кенжебиз Элиманы атасы мага окшоштурат. Айтканын бербейт, ыйлап жаткан жеринен күлүп жиберген таланты бар (күлүп). Урмат аябай баласаак. Тойлордо кызын узатканда аталардын ыйлаганын көрүп «Мен да ыйлап калсам керек. Кызым кайсы жерге түшсө жанынан үй сатып алып, ошол жакта кошуна жашап алабыз» деп күлдүрө берет. Бала кыял, үйдө кыздары бутуна педикюр жасап, бирөөсү чачына резинка тагып, бетине сүрөт тартып, каалаганын кылышат.
«АДАМ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТПЕЙ КАЛСА, СЕБЕПТИ БАШКАДАН ИЗДЕЙТ»
Кыргыз сахнасындагы саналуу гана адамдарды ушактар өтө көп ээрчийт. Алардын катарында Анжелика да бар.
– Ансыз жашоо болбойт да. Эгер таанылбаган адамды ушактап жатса кызыксыз. Ал эми белгилүү киши болсо, «ии, кандай болуптур?» деп отуруп андан ары кеп өөрчүп кетет, өзгөчө бизде, кыргыздарда (күлүп). Менин дарегиме айтылган ар кандай ушактарды уга берип бышып бүткөм. Башында намыска тийген сөздөрдү укканда ыйлап, жашагым келбей кетчү. Азыр ойлойм, адам өзү ийгиликке жетпей калса, себепти башкалардан издеп баштайт экен. Мен кептерге терикпей өз жумушумду кылсам баарын жеңеримди билдим.
Быйыл мүчөл жылым, жыл башынан эле жакшы башталды. Кыргыз элинин атынан Түркияга барганым мен үчүн чоң сыймык болду. 27 өлкөнүн ичинен мекенди таанытуу ырдоо гана эмес, чоң жоопкерчилик экен. Оркестр менен өмүрүмдө экинчи жолу ырдадым. Түрк тилинде оркестрдин коштоосунда ырдоо кыйын эле болду. Ошентсе да ар бир сөздүн маанисин түшүнүп, анан аткардым.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg