«КУМТӨР» БОЮНЧА ӨКМӨТТҮ ДЕПУТАТТАР КОЛДОБОЙ ЖАТЫШАТ

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы да «Кумтөр» маселесине кылчайбай коё албады. Артка көз чаптырсак, «Камекодо» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз эле. 2003-жылы «Центерра голд. Инк» түзүлүп, өлкөнүн үлүшү 33 пайызга түштү. Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мындай келишимдин түзүлүшүндө негизги ролду ал кездеги президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев менен премьер Николай Танаев ойногону расмий түрдө айтылып жүрөт. Башкы прокуратура Айдар Акаев «Кумтөр» боюнча республикага ири чыгым алып келген документти түзүүгө катышкан» деп сырттан айыпталып жаткандыгын билдирди. Албетте, күнөөлүүлөр айыпталганы жакшы көрүнүш. Бирок алар камалып,  үй-мүлкү конфискацияланбаса, калктын көкшүнү суубайт.
Ошентип, 2009-жылы «Кумтөр» боюнча канадалык компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кайрадан келишим түзүлүп, мөөнөтү 2026-жылга чейин узартылат. Бул ирет Кыргызстандын үлүшү өспөй эле, тескерисинче, 200 тонналык алтын запасты чалгындоого «Центеррага» уруксат берилип, компания бир катар салыктардан бошотулган.
Эми кайрадан «Кумтөр» маселеси күн тартибинде. Учурда «Центерра» менен биргелешкен ишкана түзүп, 50х50 пайыздык үлүшкө убадалаштык. Ишкананы Кыргызстандын өкүлү башкара тургандай сунуш менен келдик»,- деп Жантөрө Сатыбалдиев баштаган министрлер кабинети эл өкүлдөрү менен талкуулап жаткан учур. 8 ай бою чет жердик компаниялардын юридикалык, эсеп-кысаптык кызматынан пайдалануу менен иликтөө, сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк комиссияда 2009-жылдагы, андан мурунку келишимдер, сүйлөшүүлөр боюнча документтер жок болуп чыкты. Аны 2010-жылы Башкы прокуратуранын имаратынын өрттөнүп кеткенине байланыштырып койду, өкмөт башчы. Албетте, өкмөт башчынын мындай мамилеси депутаттарды нааразы кылды. «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөргө тиешелүү мурдагы документтер толугу менен күйүп кетпегендигин айткан депутат Болот Шер өзүндө болгон 22 томдук документти өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге өткөрүп берди.
«Ата Мекен» фракциясы «Кумтөр» боюнча өкмөт менен «Центерранын» сүйлөшүүсүнөн кийин түзүлгөн меморандумду колдобоо чечимин кабыл алды. Фракция «Кумтөргө» байланыштуу Жогорку Кеңештин 21-февралдагы токтомунун аткарылышы боюнча Башкы прокуратуранын ишин да канааттандырарлык эмес деп тапты. Өмүрбек Текебаев фракция кабыл алган чечим 2009-жылы түзүлгөн келишимди денонсациялоо маселесин күн тартибине автоматтык түрдө алып чыгууга жол ача турганын айтты. Ал эми «Ар-намыс» фракциясы «Кумтөр» боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кайра иштеп чыгууга кайтарды. «Республика» фракциясы «Кумтөр» боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алса, КСДП чечим кабыл алууну көпчүлүк коалициянын жыйынына калтырды. Ал эми «Ата Журт» фракциясы бул маселени карай элек.
Канадалык «Центерра» компаниясы Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» үлүшүнүн 51 пайыз болушуна макул болбой турганын «Кыргызалтын» ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров айтты. «Биз сүйлөшүүлөрдү 68 пайыз менен баштаганбыз, андан кийин 52 пайызды талап кылдык. Математикалык эсеп менен алганда 46 пайыздан өйдө чыккан жок. Биз дароо түшүндүк, же эки тарап тең утат, же экөө тең утула турганын»,- дейт Шакиров.  
Бул иштерде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев «документтер күйүп кеткен» деп эле эмес, экологияга байланыштуу да көпчүлүктү кыжырданткан пикирин айтты. «Нарын дарыясын «Кумтөр» булгап жатабы же бизби, бул чоң суроо. «Кумтөрдөгү» экологиялык кырдаалды адис изилдеп, аныкташы керек»,- деди премьер. «Кумтөр» боюнча өкмөттүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Жогорку Кеңеш 2-октябрдагы пленардык жыйынында карайт.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
netsa
2013-09-30 21:49:48
ушу Ж.Сатыбалдиев же билимсиз же элди ойлобогон эме окшойт!
0
tilekjusupbekov
2013-10-01 18:06:23
озу жогорудагылардын кумтордон башка кыла турган иши жокбу кайсы сайтка кирбе баары кумтор жонундо жазылган
0
aizish
2013-10-03 20:16:40
мынкылдатпай Сатыкени оордунду бошот деш керек озу
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан