Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында тактала элек аймактар бар. Башы ачыла элек аймактардагы чырды дээрлик көпчүлүк учурда же өзбек тарап, же тажик тарап жаратып, кыргыз тарап актануудан көзү ачылбай келет. Бул эмнеден? Балким, кыргыз тараптын чек арачылар жетекчилигинин мажүрөөлүгүнөндүр? Бул жолу Аксы районундагы Унгар тоосунда телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станцияда кооптуу абал пайда болду.Станцияга 22-сентябрда тик учак менен Өзбекстандын чек арачылары учуп келип, бул жерде чек ара тактала электигин айтып, кызматкерлердин документтерин текшерип, кызматкерлердин документтерин текшерип, териштирүү жүргүзгөнү белгилүү болду. Өзбек тарап мындай ишин “бул станция жайгашкан аймак боюнча кыргыз-өзбек чек арасы так чечиле элек” деп, демек текшерүүгө акыбыз бар деген дымак көрсөтүштү.
Учурда аксылыктардын айтымында эл топтолуп, бир тарапта кыргыз, экинчи тарапта өзбек чек арачылары тирешип турган кез.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбектердин текшергенин тастыктап, ортодо эч кандай карама-каршылык болбогонун айтты. Эгер бул станциянын стратегиялык жактан маанилүү объект экенин эске алсак, анда Мамытовдун «эч кандай карама-каршылык жок» деген жообун камырабастык катары саноого болот. Анткени эгер өзбек тарап маселе жараткысы келсе, бул станцияны оңой гана пайдаланышы мүмкүн. Ал эми «КыргызТелеком» ишканасынын алдындагы телерадиоберүүлөрдү таратуу боюнча бирикмесинин маалыматына ылайык, бул станция аркылуу Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү таратылат.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg