УКМК менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы маалыматтык согуш жума сайын кызык бир окуяны жаратып, элдин эрмегине айланды. Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран алгач УКМКга кайрылып, оппозиция Кыргызстанда баш аламандыкты жаратуу боюнча шумдуктуу план жасап жатканын билдирген эле. Анын агынан жарылуусу чекисттер тарабынан камерага тартылып, элге жарыяланган. Оппозиция тарап чекисттердин ишине жооп кылып ушул эле жигит менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсүн диктофонго жаздырып алып, элге таратты. Анда Өмүралиев «Мени УКМК алдап, пайдаланып койду» деп арызданган экен. Эл бул маалыматты аш кылып бүтө электе УКМК оппозицияга жообун кайтарды. Тактап айтсак, «Юпи» планында Нарын суусун ууландырууну ишке ашырат деп айтылган Бакытбек Жуматаев аттуу жаран пайда болду, журналисттердин көз алдына. Маалымат жыйынын берген бул жигит Эрланбек Өмүралиевдин оппозициянын алдындагы актанууларын жокко чыгарууда.
Ал «Эрланбек Өмүралиевдин «Юпи-гейт» операциясында Нарын суусун ууландырууну «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү ишке ашырат дегени карандай калп» деди. Анын айтымында, сууну ууландырууну Өмүралиев ага жазында эле сунуштаган. «Мага сунуштаганда эле «мусулман адам мындайга барбайт, бул иштин артында канчалаган адамдар зыян тартат. Бул оюңдан бүгүн кайт» деп жолго салгам. Ал эми видеодо «бул иш боюнча курултайда пландалган» деп айтканын түшүнбөдүм»,- дейт Жуматаев.
Кийинки эле күнү Эрланбек Өмүралиев да маалымат жыйын өткөрүп, ал УКМКны айыптап чыкты. «Мени да, Бакытбек Жуматаевди да УКМК колдонуп жатат. Телефондо Жапаров менен сүйлөшкөн менмин. Мен УКМКга сүйлөп берген видеонун толук версиясын телеканалдардан көрсөтүүсүн суранып КТРКнын башчысына кайрылуу жөнөттүм»,- дейт Өмүралиев.
УКМКдан буга карата жооп болгон жок. Алар кылар ишин кылышты. Оппозицияга болсо мүмкүн болгон жердин баарында атын актоого, аброюн кайра калыпка келтирүүгө туура келет.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg