ЖАМК ар дайымкыдай өз репертуарында. Бул жумада кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ден соолугу начар экенин билдирип, жакында боло турган ишке элдин кулагын көндүрүү аракетин баштады. Мамлекеттик мекеменин билдириши боюнча, Камчы Көлбаев 2013-жылдын 1-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
СИЗОсунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №47-колониясындагы борбордук оорукананын хирургия бөлүмүнө которулган. «Анализдердин жыйынтыгы боюнча Көлбаевдин бөйрөгүндө таш бар жана илдет өтүшүп кетүү стадиясында. Ошондой эле аллергиялык оорулары бар. Дарыгерлердин айтымында, анын оң бөйрөгү чоңоюп кеткен»,- деп билдиришет ЖАМКдан. Муну укканда дароо К.Көлбаевди да ден соолугуна шылтап бошотууну көздөп жатышабы деген суроо жаралат экен.
Сыягы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, анын жетекчиси Зарылбек Рысалиевге Азиз Батукаевдин чуулгандуу бошотулушу сабак болгон эмес көрүнөт.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg