ТУРСУНБЕК АКУН акыйкатчылыктан бошотулганына макул боло албай, ачкачылык жарыялап, иш бөлмөсүндө 11 күндөн бери түнөп жатат. Абдан майлуу-сүттүү кызмат көрүнөт, талапкерлердин саны 49га чыгып, президенттикти талашкандай эле болду. Алсак, Акун менен катар Турсунбай Бакир уулу да бул кызматты кайра-кайра эңсеп келет (гезит басууга кетерде акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан).