АЗАМАТ БАШ БАЙГЕДЕН БАШ ТАРТТЫ

23-сентябрь күнү Улуттук филармонияда Мамлекеттик тил күнүнө карата төкмө акындардын айтыш сынагы болуп өттү. Президенттин байгесине ат салышчу сынакка жалпысынан 29 төкмө катышып, анын 10у финалга жолдомо алышкан. Кызыл тил төкмө акындар иргелип отуруп, 3-орунду Амантай Кутманалиев (50 миң сом), 2-орунду Азамат Болгонбаев (70 миң сом), баш байгени болсо жаш төкмө Болотбек Назаров (100 000 сом) багындырышты. Кызыгы, бирдей упай чогултуп, 1-орунга ат салышып баштаганда Азамат атаандашы Болотбекке:
«Жетигендей жаркыган асмандагы,
Жети облус уу-дуу, жана бергин.
Бата сура элиңден, алакан жай,
Баш байгесин айтыштын сага бердим»,-
деп жол бошотуп берди. Албетте, өсө турган бала деп, жаштарга жол бошоткон Азаматтын бул жоругун көпчүлүк кубатташты, сыймыктанышты. Бул тууралуу төкмө акын: «Президенттин байгеси көп жылдан бери өткөрүлбөй калган эле. Быйыл тил комиссиясы бул ишти колго алып, сынак мыкты деңгээлде өттү. Болот деген инибиз баш байгени алды. Буюрса, бул бала кыргыздын чоң акыны, асылы болуп берет»,- деп кубанды.
star@super.kg
Кыстарылган видео
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
B.GULNARA,
Саламатсызбы! Ката түзөтүлдү, рахмат!
Азамат байкебиз чыныгы азамат экен...бали
Азамат чынында "Азамат" жигит экен, мактоого, алкоого татыйт. Биз да жакында "Фейсбукта" Айтыш өткөрдүк эле, кандай жардам керек, деп бизге чалып, мактоо баракчаларын жасап берип, бизге чооң жардам көрсөттү!!!. Бар бол элдин уулу!!!
Ысык-Колдун Тон районундабы же Жети -Огуздобу айтышта Аалы утуп,бирок байгесин Азаматтка бердирген.Мен ошондо Аалыга ыраазы болгом.Азамат бул жолу сен да жигиттин жакшы сапатын корсоттун. Бар болгула! Ден соолукта, ишинерде ийгил коштоп журсун.
Баракелде азаматсын Азамат.
Азамат азаматсың. Жанынан да жөнөкөй адамгерчилүүктү бала экен.Дагы алгалап өсө бер кыргыздын сыймыктуу кулуну."Фейсбуктагы" Айтышта колдоо көрсөткөнү үчүн да ыраазыбыз.
Менин суйгон акыным Аалы Туткучев жокко ал эмне катышкан эмесби?
бир коруп эле жактыргам азаматты !!!ийгилик саза азамат!!!
биздин ушундай колу ачык жигиттерибиз кобойо берсин.