Атасынын атын өчүрбөй, дале жандандырып келаткан Кубаныч Сатаевге бали десек жарашат. Ырчы мырза атасынын элесине арнап республикалык деңгээлде сынак жарыялоодо. Чубак Сатаевдин чыгармаларын мыкты аткарган жаштар өз талантын сынап, көпчүлүктүн алдында ырдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы. Байге фонду 100 000 сомду түзгөн бул сынакка тандоо жүргүзүлүп, эң мыктылары гала-концертте өнөрүн элге тартуулашмакчы.