Эрнис АСЕК уулу, Мелис Эшимкановдун иниси:«АГАМ АЧЫКТЫГЫНЫН АРТЫНАН КӨП ДУШМАН КҮТТҮ»

Мелис Эшимкановдун дүйнө салганына эки жыл болду. Бул адам тууралуу анын бир тууган иниси, журналист Эрнис Асек уулу кеп салып берди. «Агам ачыктыгынын артынан көп душман күттү» дейт ал.

– Эрнис, Мелис байкени эскерели деп келдим. Эшимканов деген зор киши жөнүндө сен айтпаганда ким айтат?
– Байкемдин көзү өткөнү далай журналисттер кайрылышты. Бирок сөздүн өз учуру болот тура. Азыр китеп жазып жатам, бала кезинен беркисин. Негизги ойлор ошондо айтылат го дейм.

– «Мелис байкем – агам, атам, досум дагы» деп калар элең...
– Агадай кеп-кеңешин айтчу, атадай камкордук кылчу, достой сырдашып турчу.

– Эмнеге сен Асек уулусуң? Мелис байке Асаналиевич болчу. Көп кишиден угам, атаңар башка, энеңер бир беле?
– Жок, ай. Мен деле паспортумда Эшимканов Эрнис Асаналиевичмин. Атамды эч ким Асаналы дечү эмес да. Эл Асек деп таанычу. Анан гезитте иштеп калганы бир эле Эшимканов жетет деп, Асек уулу болуп алгам.

– Мелис байке аябай ачык киши эле. Бул мүнөзүнө өзү кандай карачу?
– Мен мындай ачык кишини көрө элекмин. Ичинде кири жок киши гана ушундай ачык болот. Ачыктыгынын айынан көп душман күттү да. Бетке айтчу, түз айтчу, чын дилинен айтчу. Анан кишилерди таарынтып алчу. Таарынтып алганына кейип калар эле. Чынын айтсам, байкем элге аттын кашкасындай таанымал болсо да, анын чыныгы жүзүн көпчүлүк билбей калды. Саясаттагысын, журналистикадагысын кой, адамдык сапаттарын, Кудайга, акыйкатка, адам деген улуу жолго болгон умтулуусун эч кимге ачык айтчу эмес. Угуп жаткан кишинин деңгээлине жараша гана үстүртөн айтып койчу.
Акыркы кездери Кудай, акыйкат, жашоо маңызы жөнүндө көп сүйлөштүк. Көбүнчө анын сөзүн мен тыңдап отурчу элем, кийин мага суроо берип, сүйлөтүп коюп, ойлуу угуп отурганы али да көз алдымда. Бир жолу тамашалап «Куйту болуп алыпсыз, мен сизди укпай эле, мени сүйлөтүп койчу болдуңуз да, жарашпайт экен» десем, «Алдагы акылдуу сөздөрүң майдай жагып жатпайбы. Эмнеге биз, Эшимкановдор, мынча акылдуубуз, ыя?» деп коёт. Күлүп жатабыз…

– Анан ачыктыгы залакасын тийгизди деп ойлойсуңбу?
– Журналистиканын биринчи курсунун студенти анда. Жапжаш атабыздан айрылып, кичинекей ымыркай уулу чарчап, анан Кубат акени (ред. Жусубалиев, жазуучу) издеп барган экен. Ал кезде Кубат акенин чыгармаларына таасирленип жүргөн кези да. Мына ошондон бери экөө ажырашпай келишти. Ошондо жапжаш балага Кубат аке «Хозяин» деген ысым берип жатпайбы. Ар дайым Хозяин деп чакырчу да. Кийин андан сурап калдым «Эмне болуп Хозяин деп ат койдуңуз эле?» деп. «Эң алгач Мелисти көргөндө эле тирүү көздөрүн байкадым. Анан кайда жүрбөсүн кожоюндай жүрөт экен. Коридордо коридордун кожоюну, сыртта жүрсө сырттын кожоюну, үйдө жүрсө үйдүн. Баскан-турганы, сүйлөгөнү өзүнчө эле бул дүйнөнүн хозяини, эй» дегендей айткан. Чындап эле ошондой болчу. Ачыктыгы да Хозяин деген атына жарашчу.
Биз «шеф» дечүбүз. Журналисттер да, жөн кишилер да, ал эмес, туугандар да. Кандай маселе болбосун тез чечим кабыл алып, чекит койгонго уста болчу. Атабыз ошондой киши болгон экен. Абдан сүрдүү, ошол эле учурда жөнөкөй, ачык-айрым, тамашакөй. Байкем куду атамдай болчу. Тамашакөйлүгү укмуш эле. Чукугандай сөз тапчу. Интеллектуалдык деңгээли да жогору болчу. Каалаган темаңда сүйлөшө берет. Селдей аккан маалыматтардын бирин калтырбай окуп, угуп, сиңирип, элегинен өткөрүп алчу. Билбегени жок эле. Бирок эки оттун ортосунда жанчылып жүрүп өтүп кетти.

– Кайсы эки от?
– Сырткы дүйнө менен ички дүйнөсү эриш-аркак боло албай койду. Дүйнөнүн өзү ушундай тура. Ич дүйнө менен сырт дүйнө тытышып турат экен. Жаш өткөн сайын кишинин жүрөгү, дүйнөсү кирдеп, шайтандын азгырыктарынын алдында калат экенсиң да. Ичинен аябай тазаланганды каалап, көп аракеттерди көрдү. Бирок бир нерсеге баш-оту менен кирип кеткен жаны сырткы дүйнөнүн капкандарына түшүп, саясаттагы ыпластык, дос, тааныш, тууган дегендердин пас жоруктары рухий умтулуусун артка тартып келди. Бир нерсеге оңою менен кейичү эмес, бир кейисе, жүрөгүн канатып жиберер эле.
Тээ алмустактан бери келаткан суроолорго жооп издечү. Биз кимбиз, кайдан келатабыз, кайда баратабыз, өлүм, өмүр, сүйүү, бакыт деген эмне?..

– Мен билгени сен деле ошентип изденип келесиң?
– Кун Фу-Цзы (Конфуций дегеним) айткан экен: «Он бешимде окууга дилгирлендим, отузумда өз алдынчалыкка жеттим, кырк жашымда эч нерседен шектенбей калдым, элүүмдө Теңирдин эркин түшүндүм, алтымышка чыкканда акыйкат менен жалгандын айырмасын ажыраттым, жетимишимде жүрөгүмдүн эрки менен болуп, каада-салтты бузбай келем»,- деп. Биз да кичинекей кезден турмуштун окуусуна жан талаштык. Менин ыр жазышыма байкемдин таасири күч. Кичинемден алдыма китеп таштап жатып «китеп жегич» кылып салбадыбы.

– Былтыртан бери дайының чыкпай кетти го?
– Дайынымды кимге чыгармак элем? 2007-жылы «Агымдан» кеткени деле беш жыл «дайынсыз жоголбодум» беле… Суу кечип, тоо аралап, кытай акыны Ли Бо эки жыл жоголуп кеткенде, Ду Фу издеп барып мындай деген экен: «Дарыялар абалкыдай агууда. Саргайышты камыштар. Ли Бо акын көрүнбөйт»,- деп. Дайынын сураганы да. Анда Ли Бо: «Үңкүрдө жашоого үңүлүп жатам»,- деген экен. Мен да жашоого үңүлүп жаттым.

– Мелис байке «Асабаны» чыгарам» деп айтты эле, тилегине жетпей кете берди. Аны сен ишке ашырыпсың да?
– Чынымды айтсам, гезиттен көңүлүм калган. Байкем гезитти каттатып, мага ишениптир. Анан айтты да «чыгар» деп. Мен баш чайкадым. Көңүлүм калганын айттым. Айтсам, «анда дагы бир күнү чыгарарсың» деп койду.
Мына, байкемдин кеткенине эки жыл болду. Анан ойлондум. Жубайым, тыпылдаган Назира журналист да, ал дагы «чыгар» деп туруп алды. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп макул болдум.
Бүгүнкү күнү Кыргызстан кандай азап чегип жатса, мен билген кыргыз журналистикасы ошондой азап чегүүдө. Журналисттерди күнөөлөбөйм. Өткөөл мезгил болуп турат. Муун менен муун алмашып жатат. Кудум спорттогудай. Ошондо деңгээл түшүп кетет. Буга журналисттер күнөөлүү эмес. Мезгил ошондой. Муундар калыпка түшөр. Ага чейин ушинтип чачырай беребиз. Ар бир кыргыз чачырап турат. Чулу нерсеге келалбай жатпайбызбы.
Мына эми «Учкундан» кеңсе алдык, 7-кабаттан. 3-октябрда биринчи санын чыгарабыз.

– Каражат жагын канттиң? Же күркүл саясатчыдан бирди кармадыңбы?
– Өзүмдүн ишкер эки иним жардам берип жатышат. Ошол үчөөбүз билек түрө кириштик. Бири мени менен бирдикте гезит ээси болду. Журналисттерден деле жакындарды алдык. Мурунку «асабачы» дөө-шаалар да жардам беришет деп турам. Билесиң, гезитке көп каражат кетет. Алыбызга жараша ышкырып жатабыз. Тоо томкоруп, укмуш гезит чыгарып жиберебиз деп төш каккандан алысмын. Жалпы эл менен бирдикте чындыкты айткан гезит болсокпу деп турабыз. Эч бир саясатчынын, партиянын камчысын чаппайбыз. Бардыгы таразага салынып, объективдүү маалымат берилип турат. Жалпы улуттук гезит болсок дейбиз. Баса, гезитибиздин урааны да кызык: «Улутум – кыргыз, урааным – Манас… окуганым – «Асаба». Эл кандай кабыл алар экен деп турам.

– Мазмуну кандай болот?
– Баягы, баягы «Асаба» болот. Ошол эле рубрикалар, ошол эле стиль, бир гана азыркы заманга ылайыктайбыз. Билинбей эле журналистикага 20 жылымды арнаган экем, ошол тажрыйбаны пайдаланабыз да. Анын үстүнө Эшимканов деген атка татыктуу болчудай чоң жоопкерчилик турат моюнда.

– Анда ийгилик каалайм, дос!

Таалай Бакытаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kristiano
2013-09-30 18:56:55
Тенирчилер го э
0
netsa
2013-09-30 21:36:42
Мелис ага менин кумирим эле,жаткан жериниз жайлуу болсун.Эрнис байке ишинизге ийгилик каалаймын!
0
rozka
2013-10-03 21:03:12
Ийгилик ишинизге
0
Gaz
2013-10-04 22:22:41
Allah jaiyn jannattan kylsyn!
0
mi-li-na
2013-10-05 10:05:34
Тенирчилер эмес Буддисттер болушу мумкун, себеби Кубат аке тартагай деген устаты да Будда динин тутунган адам
0
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан