Бишкектик «Дордойдун» курамында Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Эгемендүүлүк Кубогунун 3 жолку ээси, 2 ирет «Кыргызстандын мыкты футболчусу», «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Мыкты спортчу-2009» наамдарын багындырган, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ойногон биринчи кыргыз жигити Азамат Байматов 19-сентябрь күнү бойдокчулук менен коштошту.
– Азамат, куш бооңор бек болсун! Келинчегиң тууралуу айтып өтсөң. Кандайча табышып калдыңар?
– Рахмат! Келинчегим Айжан Эмилова 1994-жылы 21-сентябрда Ош шаарында төрөлгөн. Бишкекте КЭУнун колледжин бүтүрдү. Актрисалык өнөргө жакын, «Түштөгүдөй махабат» тасмасына жана клиптерге тартылган.
Быйыл апрель айларында социалдык желелердин биринен Айжан менен таанышып, дос катары сүйлөшүп калганбыз. Кийин ал Бишкектен Ошко келгенде жолугуп жүрүп ой-максаттарыбыз бир экенин байкадык. Ошентип сезимдерибиз сүйүүгө айланып кетти. 3 ай сүйлөшүп жүрүп, 1-июлда Айжан окуусун бүтүрүп борбордон келгенде 101 роза гүл менен аэропорттон тосуп алып, тизелеп отуруп шакек белек кылып, колун сурадым.
– Той өзгөчө өттү, сценарийин өзүң түздүңбү?
– Ооба, сценарий меники. Тоюмду Ошто болбогондой өзгөчө өтсүн деп эки ай даярдандым. Шаар аралап сейилдегенде футболдук команданын курамындай кылып он бир ак түстөгү окшош унаа менен чыктык. Анан да патриот жигит катары биз түшкөн унаада өлкөбүздүн желегин кошо ала жүрдүк. Кечинде ресторанга келген конокторго ачык абада фуршет уюштурдук. Кире беришке Айжан экөөбүздүн бала чактагы, азыркы сүрөттөрүбүздү чоң баннер кылып жасатып илдирип койгон элем. Сүрөттөрүбүз конокторубуз үчүн да аябай кызык болду. Ошентип алгач коноктор, артынан биз кызыл килемден өттүк.
– Күйөөнүн бий бийлегени да өзгөчө болду...
– Менин бийлешимди Айжан да билген эмес (күлүп). Бир жумача досторум менен чогулуп, синхрондуу бийлейли деп катуу даярдандык.
– Жакшы, колуңдагы нике шакек ыңгайсыздык жаратпай элеби?
– Нике шакегимди карап алып эле кубанып жатам (күлүп). Негизи, футболчулар оюнга чыгарда шакек, браслет өңдүүлөрүн алып коюш керек. Бирок мен нике шакегимди эч качан чечпейм.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg