«Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман...» деп Калыгул олуябыз алдын ала айтып кеткен заманга туш келген каргашалуу үркүн окуясына быйыл 97 жыл толду. Бул жалпы кыргыз эли башынан өткөргөн эң оор трагедиялардын бири. Ошол кездеги Орус падышачылыгынын эзүүсүнө чыдабай, аларга каршы көтөрүлүшкө чыгып, кыргынга учураган бабаларыбыздын сөөктөрү ар кайсы жерде калып кетти. Редакциябыздын босогосун аттаган Жаңыл айым үркүнгө байланыштуу башынан өткөргөн муңдуу окуяны баяндап берди.
«БАШЫМДАН ӨТКӨН ОКУЯ ТЫНЧЫМДЫ АЛЫП КЕЛЕТ»
– Убакыт өткөн сайын өткөн кылымдын 70-жылдарында башымдан өткөн бир окуя тынчымды алып келет. Айрыкча Боом капчыгайындагы үркүндө курман болгондорго арналып коюлган эстеликтин жанынан өткөн кезде жүрөгүм туйлап чыгат. Бийик жерге чыгып алып, жумурай журтка ошол окуя, деги эле үркүн жөнүндө үнүмдүн жетишинче кыйкырып айтсам дейм. Менин ичимдеги бук, ыза жердештерибиздин да ичинде муң болуп катылып жатса керек деп ойлойм. Анткени канчалаган жылдар үркүн жөнүндө үн ката албай жүрбөдүкпү. Эмесе, окуя башынан болсун.
Кичине кезимде таякелеримдин «Кечээ көлдө болгон катуу толкун адамдардын сөөктөрүн жээкке сүрүп чыгарып салыптыр. Тим эле жер жайнайт, алардын баарын чогултуп көмүп келдик» деген сөздөрүн кулагым чалып калчу. Мен балалык сезим менен толкун болгон кезде көл жээкте бир укмуштуу окуя болот го же бир желмогуз көлдөн чыгып келип адамдарды көтөрүп кетип, мүлжүп, сөөктөрүн көлдүн жээгине ыргытып салат го дечүмүн.
Таятам Ысык-Көлдүн тескей тарабында жайгашкан Жеңиш айылынан болот. Күн бүркөлүп, жамгыр төгүп, катуу шамал болгон мезгилде көлдө күркүрөгөн катуу толкун болор эле. Айрыкча түнкүсүн толкун үйүбүздүн так түбүнө урунуп жаткандай сезилчү. Андай учурда терезеден бир чоң «кара кол» кирип келип, мени көлдүн жээгине көтөрүп алып кетчүдөй туюлуп, коркконумдан төшөктө калтырап-титиреп бүрүшүп жатар элем. Кийин орто мектепти бүтүрүп, Караколдогу Педагогикалык институтка документтеримди тапшырып, окууга өтүү үчүн даярданганы таятамдыкына бардым.
«ЖЭЭКТЕ АДАМДАРДЫН СӨӨКТӨРҮ ЖАТЫПТЫР»
– Бир күнү таякем, таежем үчөөбүз көлдүн жээгиндеги ээн, тынч жерге окууга даярданалы деп барсак, жээкте аппак болгон аркайган сөөктөр жайнайт. Ары жакта адамдын баш сөөгү да жатыптыр. Мурунку күнү көлдө катуу толкун болгон эле. Ошондо толкун ал сөөктөрдү жээкке чыгарып салыптыр. Көзүбүз мындай жаманчылыкты көрбөгөндүктөн, эмне кыларыбызды билбей калдык. Ошондо ошол өлгөн адамдарды аяп, өлүм менен тирүүлүктүн ортосундагы адамдын акыл сезиминин күчү жетпеген табышмакка мээм жетпей, өмүрүмдө биринчи жолу өлүм деген коркунучтан денем титиреп турду.
Баягы сөөктөрдү үчөөлөп чогулта баштадык. Сөөктөрдү чогултуп жүрүп көзүбүздөн жаш да тамчылап жатты. Чогулган сөөктөр канча адамга тиешелүү экенин билбейм, бир далай болду. Сөөктөрдү таштап кете албай «эми, бул байкуштарды жерге берели» деп көл жээктен алысыраак жерге кадимки мусулмандардын мүрзөсүн каздык. Жер кумдуу, жумшак экен. Учтуу таш, катуу жыгачтардын жардамы менен тез эле казып бүтүп, сөөктөрдү анын ичине жайгаштырдык. Көрдүн оозуна жыгачтардан тирөөч коюп, менин китептеримдин мукабасын айрып алып анын үстүнө жаап, анан топурактан үйдүк. Мүрзө экени билинсин деп чокчойтуп таштан белги коюп, куран окуйлу десек же куран, же өлүктү жерге берүүнүн ырым-жырымын билбейбиз. Баарын бүтүргөн соң эми кетели деп камынып калганда түз басып кете албай буйдала түштүк. Анан тизелеп чөк түшүп ыйлап кирдик. Билбейм, бизди кандай күч ээлеп алды, көзүбүздөн жаш сызылып токтобой жатты.
Мага арт жагымда көп адамдар бизге кошулуп ыйлап жаткандай сезилди. Бир убакта алай-дүлөй түшүп, адамдардын өлүм алдындагы ачуу кыйкырыктары, ызы-чуу, айтор, бир шумдуктуу окуя болуп өттү. Канча убакытка созулду так билбейм, бул көрүнүш өңүмдө болдубу же менин гана ой-сезимимде болуп өттүбү ушул убакка чейин түшүнбөйм. Акыры эсибизге келсек, ыйлап отура берип өпкөбүз көөп калыптыр.
«БИР АЙЫЛДЫН ЭЛИН БҮТ КЫРЫПТЫР»
– Кийинчерээк биз көргөн сөөктөр 1916-жылы үркүн учурундагы кырылган адамдардыкы экенин билдик. Көрсө, бир айылдын элин кары-жашына карабай малча айдап келип, көлгө чөктүрүп, андан чыгууга далалат кылгандарын атып, баарын өлтүрүшүптүр. Көлгө чөктүрүлүп көз жумган адамдардын сөөктөрү ушул күнгө чейин көл түбүнөн чыгып бүтө элек тура. Саны канча экендигин билбейм. Көп адам болсо керек, көп адам...
«ҮРКҮНДҮ УНУТПАЙЛЫ»
– Ошол каргашалуу үркүн учурунда ач бел, куу жолдо канча кыргыз ит-кушка жем болду. Канчасы ачкачылыктан кырылышты. Жогорудагы окуядагыдай алардын арбактары да жолдо, белде боздоп жүрүшсө керек. Менимче, миңдеген кыргыз кырылган үркүнгө «Орусия падышачылыгына каршы көтөрүлүшкө Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана кыргыздар чыгышкан» деген тарыхый макам берилиши керек. Аны менен катар кийинки муунга үркүн жөнүндө кенен маалымат берилиши зарыл. Элибизде «Арбак ыраазы болмоюн Алла ыраазы болбойт» деген кеп бар эмеспи. Андыктан бул каргашалуу күндөрдү республикабыздын деңгээлинде чоң маселе катары белгиленишин эл каалайт.
Жаңыл Байтыманова, 61 жашта,
Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg