КАДАМЖАЙДА ЧЕК АРА ПОСТТОР АЧЫЛДЫ

Баткен облусунун Кадамжай жана Пүлгөн калктуу конуштарынын 40-50дөй жашоочусу акцияга чыгышты. Алар өзбек тараптан коюлган транзиттик трассадагы «Япаги» көзөмөл-бажы постун, ошондой эле «Вуадиль автожо­лу», «Кадамжай автожолу» кө­зөмөл-каттоо пункттарында жабылган чек ара жана бажы көзө­мөл­дөрүн ачуу талабын коюп, Пүлгөн-Кадамжай автотрассасын жаап салышты. Эл чогулган жерде укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
24-сентябрь күнү КРнын чек ара ведомствосунун жетекчиси, полковник Курманакун Матенов менен Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин колбашчысы полковник Рустам Эминжановдун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында өзбек тараптан коюлган «Япаги» көзөмөл-бажы посту жана «Вуадиль автожолу» көзөмөл-каттоо посту ачылды.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан