Учурда Баткен облусунун аймагында «Бири-бирибизге жакын, баңгизаттардан алыс бололу» деген чакырыктын астында баңгиликке каршы акция болууда.
Облустагы мектеп окуучуларына да баңгиликти чагылдырган атайын видеороликтер көрсөтүлүп, баракчалар таратылып жатат. Уюштуруучулардын бири Толкун Көкчаевдин айтымында, акция Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы билим берүү мекемелеринде болот. Бул акция КРнын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан өткөрүлүүдө.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg