СУРЬМА КОМБИНАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТАЛАБЫ АТКАРЫЛДЫ

Кадамжайдагы сурьма комбинатынын кызматкерлери айлык акыны көтөрүү талабы менен ишкана жетекчилигине кайрылышканы тууралуу өткөн саныбызда жазган элек. Жумушчулар эгер талаптары аткарылбаса, массалык түрдө иш таштоо болорун эскертишкен. Кызматкерлердин нааразычылыгынан кийин ишкана жетекчилиги айлыкты 10 пайызга көтөрүп берүүгө убада берди. Бирок али иш жүзүнө аша элек.
Эскерте кетсек, сурьма комбинаты 2005-жылы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин уруксаты менен казакстандык компанияга сатылган. Мыйзам боюнча комбинат казак инвесторлорунун менчиги болуп, миллиондогон киреше кирүүдө, ал эми жумушчулар 7-8 миң сомдон айлык алышат.
Ал эми Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары
30 миң сомдун тегерегинде айлык алып жатат. Жакында Жогорку Кеңеште бул маселе каралып, сурьма комбинатын кайра мамлекеттин менчигине кайтарып алуу күтүлүп жатат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов Кадамжай эли менен болгон жолугушууда билдирген.


Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 569, 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан